КАРИБ КРИЗИСИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРИ́Б КРИЗИСИ (1962) – эл аралык кризис, СССР м-н АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба рев-ясынын жеңиши (1959) өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саяса­ты, о. эле Куба СССР м-н тыгыз мамиле түзүшү АКШ м-н Кубанын ортосундагы мамилени кур­чуткан. АКШ 1959-жылдын башынан эле Куба­га саясий ж-а экон. кысым жасап, диверсант­тарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия м-н Италияга ракеталарын жайгаштыр­ган. 1961-ж. апрелде амер. аскерлер Плая-Хи­ронго кол салып, Кубанын куралдуу күчтөрүнөн талкаланган. Бирок АКШнын башкаруучулары Кубага кастыгын токтотпогон соң, Куба өкмөтү СССРден жардам сураган. 1962-ж. 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими м-н СССР Куба рев-ясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баш­таган. Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш кор­кунучун туудуруп, К. к-не алып келген. К. к-н саясий ж-а дипл. жолдор м-н жөнгө салууну БУУнун Коопсуздук к-тинин мүчөлөрү сунуш­таган. 1962-ж. октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү ж-а БУУнун Генералдык секретары ка­тышкан АКШ ж-а СССРдин ортосунда сүй­лөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси ка­ралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экон. кы­сымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген. Натыйжада, СССР Кубадан, АКШ Түркиядан өз ракеталарын ж-а аскер техникаларын чыгарган. 1963-ж. 7-январда эки тараптык сүйлөшүүлөр­дөн кийин СССРдин тышкы иштер министри­нин 1-орун басары – В. В. Кузнецов ж-а АКШ- нын өкүлү Э. Стивенсон К. к. толугу м-н жөнгө салынгандыгы ж-дө БУУнун секретары У. Тан­га билдиришкен.