КАРДИФФ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КА́РДИФФ – Улуу Британиядагы тарыхый провинция Уэльстин адм. борбору. 1996-жылдан унитардык түзүлүш статусуна ээ. Бристоль булуңундагы порт (2005-ж. 2,5 млн т жүк ташылган). Калкы 311,5 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. ж-а автомагистралдар Уэльстин ж-а Улуу Британиянын башка шаарлары м-н байланышат. Учурда ири ө. ж. ж-а соода борбору. Кара металлургия, машина куруу (электр-тех., радиоэлектроника), тамак-аш (пиво), кагаз ө. ж. ишканалары ж-а 150дөн ашык фирмалар иштейт. К-да көптөгөн масса-

лык маалымат каражаттары (а. и. телекомпания ж-а ВВС Wales радиостанциялары) жайгашкан. Алгач б. з. ч. 1-к-да эле адамдар отурукташкан. Сепил (11-к.), Лландафта кафедралуу собор (12–15-к.), готика стилиндеги Сент-Жон (15-к.) ж-а Ыйык Иоанн Чокундуруучу (15-к.) чиркөөсү сакталган. Ун-ттер, музыка ж-а королдук драма коллежи (консерватория; 1949), китепканалар системасы (19 филиалды камтыйт), музейлер (а. и. улуттук), көркөм иск-во борбору (1999) ж. б. бар. Жыл сайын ачык асман алдында маданий фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризмдин ири борборлорунун бири (жылына 11 млндон ашык турист келет).