КАРАСАЕВ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАСАЕВ</b> Хусеин (5. 1. 1901, Ысык-Көл облусу, | <b type='title'>КАРАСАЕВ</b> Хусеин (5. 1. 1901, Ысык-Көл облусу, | ||
Түп району, Кең-Суу айылы – 31. 1. 1998, Кара­кол) – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучу­лардын жана Кыргызстанда сөздүк түзүүгө негиз салуу­чуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, профессор (1966), КР УИАнын ардактуу академиги (1992), КРдин К. Тыныстанов | Түп району, Кең-Суу айылы – 31. 1. 1998, Кара­кол) – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучу­лардын жана Кыргызстанда сөздүк түзүүгө негиз салуу­чуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, профессор (1966), КР УИАнын ардактуу академиги (1992), КРдин К. Тыныстанов атындагы илим жана техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1993). Караколдогу орус­-тузем мектебинен билим | ||
алган (1914–16). 1923- | алган (1914–16). 1923-жылы | ||
[[File:КАРАСАЕВ34.png | thumb | none]] | [[File:КАРАСАЕВ34.png | thumb | none]] | ||
05:30, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРАСАЕВ Хусеин (5. 1. 1901, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу айылы – 31. 1. 1998, Каракол) – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучулардын жана Кыргызстанда сөздүк түзүүгө негиз салуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, профессор (1966), КР УИАнын ардактуу академиги (1992), КРдин К. Тыныстанов атындагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1993). Караколдогу орус-тузем мектебинен билим алган (1914–16). 1923-жылы

Ташкенттеги Кыргыз-казак агартуу институтунда окуп жүргөндө И. Арабаев, К. Тыныстанов менен бирге кыргыздын алгачкы гезити «Эркин-Тоону» чыгарууга (1924) катышкан. Ленин Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчу факультетинде кыргыз тили мугалими (1925–26), Ленинграддагы А. Енукидзе атындагы Чыгыш институтун бүтүрүп (1931), ошол институтта, кийин Москвадагы М. Ломоносов атындагы университетинин Чыгыш факультетинде кыргыз жана түрк тилдери мугалими (1949–50), Кыргыз маданий курулуш илим изилдөө институтунда, Тил, адабият жана тарых илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер (1931– 40; 1941–55), СССР ЭКСте редактор (1940–41), КМУда (азыр КУУ) окутуучу (1951–74) болуп эмгектенген. 1924-жылы араб графикасынын негизинде кыргыз алфавитин түзүүгө катышкан. Ал эми 1927-жылы К. Тыныстанов менен бирге латын тамгасынын негизиндеги жаңы алфавиттин долбоорун түзүп, Самарканддагы кеңешмеге катышкан. Натыйжада, «Сабат ачкыч» алиппени (1927), И. Арабаев менен бирдикте жаңы латын алфавитинин негизинде «Жаңылык» аттуу окуу китебин жазып, 1928-жылы басмадан чыгарган. Бул алиппе китеби кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде, жаңы тамга менен биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыздыкты жоюуга зор кызмат кылган. Анын лексикографиялык багыттагы изилдөөлөрү үч аспектиге бөлүнөт: 1) орфографиялык сөздүктөр; 2) кош тилдүү котормо сөздүктөр; 3) лингвистикалык-этимологиялык сөздүктөр. Ал Тыныстанов менен бирге тил терминдеринин cөздүгүн, алгачкы «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1938, И. Батманов менен бирге), «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1944, К. Юдахин, Ж. Шүкүров менен бирге) түзгөн. 1956-ж. Ю. Яншансин менен «Орфографиялык сөздүктү» түзүп, кийин бул сөздүктү өзү толуктап, 60 миң сөздөн турган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн» (1966), кийин 1970–80-ж. «Түгөйлүү сөздөр» (1971), эки томдон турган «Накыл сөздөр» (1982; 1987), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1989), «Камус наме» (1992) аттуу сөздүккитептерди чыгарган. «Манас», «Семетей» эпосторун кагаз бетине түшүрүүгө да салым кошкон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалы менен сыйланган. Каракол шаарында эстелиги коюлуп, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде музейи ачылган жана БГУга ысмы берилген (1993).