ДЕ ГУЕ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕ ГУЕ''' Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, [[Нидерландия]], Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, [[ислам]] тарыхы жана [[араб тили]] боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистратураны аяктаган жана 1859-жылы экстраординардуу негиз менен докторлук наамга ээ болгон. 1866-жылдан Лейден университетинин профессору, 1881–1882-жылдары ошол жерде ректор, 1886-жылдан Петербург Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. 1863–1866-жылдары [[ал-Балазури]]нин эмгегине (Liber expugnationis regionum. Pt 1–2. Lugduni Batavorum) талдоо жүргүзүп, басып чыгарган. Андан тышкары орто кылымдардагы араб тилдүү [[Истахри]], [[ибн Хаукал]], [[ал-Мукаддаси]], ибн [[Хордадбех]], ибн Руста ж.б. сыяктуу географ-тарыхчылардын эмгектерин которуп, изилдеп, анализ жасап жана басып чыгарууга зор салым кошкон. Анын көп жылдык (1872–1901) белгилүү эмгектеринин бири «Табаринин анналдары» (Annales quos scripsit Abu Djafar Mohammed Ibn Djarir At-Tabari) болуп саналат. Анын котормо-талдоолорунда орто кылымдагы [[түрк]] уруулары, ошондой эле азыркы [[Кыргызстан]]дын | '''ДЕ ГУЕ''' Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, [[Нидерландия]], Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, [[ислам]] тарыхы жана [[араб тили]] боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистратураны аяктаган жана 1859-жылы экстраординардуу негиз менен докторлук наамга ээ болгон. 1866-жылдан Лейден университетинин профессору, 1881–1882-жылдары ошол жерде ректор, 1886-жылдан Петербург Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. 1863–1866-жылдары [[ал-Балазури]]нин эмгегине (Liber expugnationis regionum. Pt 1–2. Lugduni Batavorum) талдоо жүргүзүп, басып чыгарган. Андан тышкары орто кылымдардагы араб тилдүү [[Истахри]], [[ибн Хаукал]], [[ал-Мукаддаси]], ибн [[Хордадбех]], ибн Руста ж.б. сыяктуу географ-тарыхчылардын эмгектерин которуп, изилдеп, анализ жасап жана басып чыгарууга зор салым кошкон. Анын көп жылдык (1872–1901) белгилүү эмгектеринин бири «Табаринин анналдары» (Annales quos scripsit Abu Djafar Mohammed Ibn Djarir At-Tabari) болуп саналат. Анын котормо-талдоолорунда орто кылымдагы [[түрк]] уруулары тууралуу баалуу маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азия анын ичинде азыркы [[Кыргызстан]]дын аймагында жолуккан айрым географиялык аталыштарды тактоого көмөк берет. | ||
Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957. | Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957. | ||
[[Категория:3-том, 5-85 бб]] | [[Категория:3-том, 5-85 бб]] | ||
11:18, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
ДЕ ГУЕ Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, Нидерландия, Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, ислам тарыхы жана араб тили боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистратураны аяктаган жана 1859-жылы экстраординардуу негиз менен докторлук наамга ээ болгон. 1866-жылдан Лейден университетинин профессору, 1881–1882-жылдары ошол жерде ректор, 1886-жылдан Петербург Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. 1863–1866-жылдары ал-Балазуринин эмгегине (Liber expugnationis regionum. Pt 1–2. Lugduni Batavorum) талдоо жүргүзүп, басып чыгарган. Андан тышкары орто кылымдардагы араб тилдүү Истахри, ибн Хаукал, ал-Мукаддаси, ибн Хордадбех, ибн Руста ж.б. сыяктуу географ-тарыхчылардын эмгектерин которуп, изилдеп, анализ жасап жана басып чыгарууга зор салым кошкон. Анын көп жылдык (1872–1901) белгилүү эмгектеринин бири «Табаринин анналдары» (Annales quos scripsit Abu Djafar Mohammed Ibn Djarir At-Tabari) болуп саналат. Анын котормо-талдоолорунда орто кылымдагы түрк уруулары тууралуу баалуу маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азия анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында жолуккан айрым географиялык аталыштарды тактоого көмөк берет.
Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957.