КАРГАША КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРГАША КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Өзгөн ш-нан 60 км чыгыш тарапта, Фер­гана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында. Мындагы көмүр жерг. элге илгертен белгилүү. 1942–55-ж. геол. чалгындалып, запасы эсептел­ген. Кен Өзгөн көмүр бассейнинин түн.-батыш тарабынан орун алып, эни 9 км, уз. 13 км аянт­ты ээлейт. Кен «Сол өйүз», «Оң өйүз» ж-а «Түн.- чыгыш» деп аталган үч участкадан турат. Ай­магында юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тек катмарлары таралган. Көмүр негизинен кумдук, алевролит, аргиллит ж-а көмүрлүү сла­нецтердин арасында кездешет. Кендеги көмүр катмарынын ичинен V, VI–VII, VIII калың кат­марларга кирет. Көмүр гумустуу, коксталат. Күйгөндө 34,3 МДж/кг жылуулук берет. Запа­сы С2 категориясы б-ча 129193 миң т (1992).