КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР , и з о ц и к л­д ү ү б и р и к м е л е р – молекуласында көмүртек атомунан түзүлгөн цикли (шакеги) бар орг. бирикмелер. К. б. алициклдүү ж-а аромат­тык болуп бөлүнөт. Ароматтык бирикмелерге бензол ж-а анын гомологдору м-н туундулары, трополондор, азулендер ж. б. кирет. Алициклдүү бирикмелерге каныккан алициклдүү, полимети­лендүү (циклоалкандар ж-а алардын туундула­ры), мис., циклопропан, циклогексан, гексах­лорциклогексан, каныкпаган алициклдүү би­рикмелер (циклобутен, циклопентадиен) кирет. К. б-дин циклинде көмүртектин атомунун саны ж-а циклдеринин саны ар түрдүү. Шакектердин санына жараша алар бир ядролуу же моноцикл­дүү, би-, три­ж-а полициклдүү болуп бөлүнөт. Эки цикл бири-биринен көмүртектик түз чын­жыр м-н, мис., дифенилэтан С Н –СН –СН –С,Н 6 5 2 2 6 же жөнөкөй байланыш м-н байланышы мүмкүн, мис., дифенил С Н –С Н . Көпчүлүк учурда цикл­дер жалпы эки көмүртектин атомуна ээ конден­сацияланган ядролор, мис., нафталин. Али­цикддүү ж-а ароматтык бирикмелер хим. жол м-н бири-бирине оңой өтөт. Мис., бензолду май-



даланган Niдин үстүнөн гидрлегенде – цикло­гексан, ал эми ультра-кызгылт көк нур м-н нур­ландырып, хлорлогондо гексахлоргексан алы­нат. К. б. өтө кеңири тараган. Алар синтетика­лык чайырларды, пластмасса, дары-дармек, боёк, инсектицид ж. б. заттарды алууда колдо­нулат.