КАРБОНАТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРБОНАТТАР – көмүр к-тасынын (Н2СО3) туз­дары. Алар орто (К2СО3, Na2СО3, СаСО3), кыч­кыл (КНСО3) ж-а негиздик [Сu(ОН)2СО3] болуп бөлүнөт. Щелоч ж-а щелочтуу жер металлда­рын, аммоний ж-а таллийдин орто К-ы гана

сууда эрийт. Эритмелери негиздик касиетке ээ. К. ысытуудан ажырайт. Мис., CaCO3=СаО+CO2. Гидрокарбонаттар ысытканда, орто К-га айла­нат: 2NaНСО3=Na2СО32О+СО2. Жаратылыш­та орто К. кеңири таралган. Zn, Рb, Сu, Fе ж. б. сыяктуу металлдардын К-ы – баалуу металл кендери. Алардын ичинен СаСО3 – кальцит, МgСО3 – магнезит ж. б. курулушта, хим. <contr>өнөр жай<contr>ында, отко чыдамдуу материалдарды алуу­да колдонулат. Синтезделген К-дан сода (Nа2СО3 ж-а NaНСО3) техникада кеңири колдонулат. Гид­рокарбонаттар буфердик зат болуу м-н физиол. мааниси да чоң. К. жаратылышта минералдар түрүндө кеңири таралган. Алардын негизгиле­ри: кальцит СаСО3, магнезит МgСО3, сидерит FеСО3, родохрозит МnСО3, смитсонит ZпСО3; витерит ВаСО3, стронцианит SrСО3, церуссит РbСО3 ж. б. К. ачык түстө; жез карбонаты гана жашыл-көгүлтүр түстө болот. Бардык К. туз ж-а азот к-тасы м-н кошулганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Негизги өкүлдөрү (каль­цит, доломит, сидерит) чөкмө түрүндө деңиз тү­бүндө пайда болот да, калың катмарларды түзөт. К. Кырг-да өтө көп, негизинен хим., це­мент, өнөр жай үчүн сырьё ж-а курулуш материалы (акиташ, мрамор) катары колдонулат.