КАРБАЗОЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРБАЗО́Л , д и б е н з о п и р р о л С12Н9N – гетероциклдүү бирикме; мол. салм. 167,21; түссүз кристалл, эрүү t 238°С; кайноо t 354–355°С; сууда эрибейт, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Пиррол шакекчесине мүнөздүү түстүү реакцияны берет, начар негиздик касиетке ээ. К-таларды таасир этүүдө туруксуз туздарды пайда кылат.

Галогендөөдө 3- ж-а 3–6 туундуларын, сульфирлөөдө 3-карбазолсульфо к-таны же 1, 3, 6, 7- карбазолтетрасульфо к-таны берет. К. таш көмүр чайырынан, о. эле синтез жолу м-н аминдифенил, фенантрен ж. б-дан алынат. К. боёк, дары-дармек, пластмасса, инсектициддерди алууда колдонулат.