КАРА ШАКЫЛДАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА ШАКЫЛДАК (Aquila heliaca) – бүркүттөр тукумундагы куш. Уз. 80 смдей, канатын жайганда 2 мге жетет. Чанда жолугуучу, көчүп жүрүүчү куш. Кээ бир маалыматтарга караганда К-тын Ысык-Көлдө, Кыргыз Ала-Тоосунда ж-а
Талас өрөөнүндө уялаганы белгилүү. Көбүнчө сейрек дарактуу, ачык жерлерди мекендейт. Ал бардык ачык талаалар айда л г анд ыктан, башка тынч жерге ооп кетүүгө мажбур болгон. К. ш. эски уясын пайдаланат.

1–3 жумуртка тууйт.
К. ш. көбүнчө а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү ж-а оору жугузуучу кемирүүчүлөр м-н азыктанып, пайда келтирет. Саны азайгандыктан, 1975-жылдан коргоого алынып, Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.