КАРАЧЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАЧЕВ Сыдык (1899, азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Жылуу-Булак айылы – 1937, Фрунзе) – жазуучу, журналист, кыргыз жазма ад-тын баштоочулардын бири, котормочу. Баштапкы

билимди Каракол (Пржевальск) ш-ндагы татар мектебинен алган. 1921–23-ж.
Ташкенттеги аскер окуу жайында окуган. 1923-ж. Караколдогу «Союз кошчу» уюмунда, 1924-ж. «Эркин- Тоо» гезитинде жооптуу секретарь, узак жылдар «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында, Кыргызмамбаста адабий кызматкер, редактор болуп иштеген. К. адабий чыглыгын татар тилинде ыр, аңгеме жазуудан баштаган. Алгачкы ыры 1918-ж. Казанда чыгуучу «Шуро» гезитине жарыяланган. К. – кыргыз прозасына негиз салгандардын бири. Анын «Сүйгөнүнө кошула албады», «Үйлөнүүдөн качты» деген повесттери, «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Күкүк менен Зейнеп» аттуу аңгемелери 1919-ж. «Көмөк» гезитине казакча басылып чыккан. 1930- жылдары жазылган «Эрксиз күндөрдө», «Эрик таңында» повесттеринде (экөө тең 1928-ж.) ж-а «Теңдик жолунда» пьесасында коллективдүү чарба курулушу үчүн күрөш сүрөттөлөт. Ал кыргыздын туңгуч котормочуларынын бири катары А. С. Пушкиндин «Дубровский», «Бекетчи» деген повесттерин, Л. Н. Толстойдун «Шалпаң кулак», А. П. Чеховдун «Талаа», Ромен Ролландын «Жан Кристофунан» үзүндү, Бретт-Граттын «Самасу кызы», Н. А. Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын ж-а коомдук-саясий
чыгармаларды кыргыз тилине которгон. К. бейкүнөө репрессияланып, кийин акталган.
Ад.: Жигитов С. 20-жылдардагы кыргыз адабияты.
Ф., 1984; Обретение новых традиций. Ф., 1984; Эркебаев А. Малоизученные страницы истории киргизской литературы. Б., 1999.
И. Жумабаев.