КАРА ТОПУРАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА ТОПУРАК</b> – шалбаалуу ж-а токойлуу та­лаа зоналарында көп жылдык чөптүн чириши­нен пайда болгон топурак түрү. | <b type='title'>КАРА ТОПУРАК</b> – шалбаалуу ж-а токойлуу та­лаа зоналарында көп жылдык чөптүн чириши­нен пайда болгон топурак түрү. Органикалык заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9–10%ке чейин жетет. Кара топурактын курамында каль­ций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында био­химиялык кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин кислоталары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүү­лүгү артат. Кара топурактуу жерлерге дан эгиндери, жү­гөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өс­түрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Кара топурак гумустуу (чиринди) катмарынын калың­дыгына жараша өтө калың (150–180 <i>см</i>), ка­лың (80–120 <i>см</i>), орточо калың (40–80 <i>см</i>), жука (40 <i>см</i>) болуп бөлүнөт. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык областка бөлүнөт: Евразия, Түндък Америка ж-а Түштүк Америка. Кыргызстанда кара топурак Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын облусунун На­рын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо райондорунда көбү­рөөк кездешет. | ||
бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен | |||
чопого айланып, анын үстүңкү катмарында био­ | |||
(40 <i>см</i>) болуп бөлүнөт. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:43, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРА ТОПУРАК – шалбаалуу ж-а токойлуу талаа зоналарында көп жылдык чөптүн чиришинен пайда болгон топурак түрү. Органикалык заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9–10%ке чейин жетет. Кара топурактын курамында кальций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында биохимиялык кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин кислоталары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүүлүгү артат. Кара топурактуу жерлерге дан эгиндери, жүгөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өстүрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Кара топурак гумустуу (чиринди) катмарынын калыңдыгына жараша өтө калың (150–180 см), калың (80–120 см), орточо калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык областка бөлүнөт: Евразия, Түндък Америка ж-а Түштүк Америка. Кыргызстанда кара топурак Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо райондорунда көбүрөөк кездешет.