КАРА ТЕШИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ТЕШИК (black hole) – космостук зор нер­селердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы ж-а бара­бара тартылуу күчү жогорулап, гравитациялык коллапска дуушар болот, б. а. анын кысылуу­суна эч бир турукташтыруучу күчтөр каршы тура албайт. Ал учурда нерсенин тыгыздыгы чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө ум­тулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук тео­риясына ылайык К. т-тин борборунда мейкин­дик м-н убакыттын сингулярдуулугу (чексизди­ги, өзгөчөлүгү) орун алат. Кысылуудан жылдыз­дын бетиндеги гравитациялык талаа чоңоёт, бөлүкчөлөрдүн бөлүнүп чыгышы ж-а нурлануу кыйындайт. Бара-бара андай жылдыздар бир жактуу мембранага, б. а. нурланууну ж-а бөлүк­чөнү ичин көздөй гана тартып, сыртка эч нерсе чыгарбоочу К. т-ке айланат. Аны мейкиндик м-н убакыттын касиеттеринин чукул өзгөрү­шүнөн байкоого болот ж-а ал Шварцшильд ра­диусу деп аталат. К. Шварцшильд 1916-ж. Эйн­штейн теңдемесинин айланбаган К. т. үчүн так чыгарылышын тапкан ж-а анын ысмында ата­лып калган. 1963-ж. жаңы зеландиялык фи­зик Рой Керр айлануучу К. т. үчүн Шварцшильд радиусун аныктаган, мис., 3 Күн массасындай К. т. үчүн ал радиус болгону 9 км. Биздин гал­лактикада көптөгөн К. т. бар. Зор К. т-тер галлактиканын борборунда жайгашкан. Ал эми өлчөмү атомдукундай К. т-тер Аалам эволюция­сынын алгачкы фазасында, жогорку тыгыздык­тагы абалда эле пайда болгон деп божомолдо­нот. К. т-ке жакын келген космос нерселери, өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот.