КАРА-СУУ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-СУУ КӨЛҮ Көк-Ирим тоосунун батышында, Кеңкол (түштүгүнөн) м-н Такталык (түндүгүнөн) тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 1998 м бийикте жайгашкан. Кара-Суунун (Нарын д-нын сол куймасы) башында. Токтогул р-нунун ай-

магында. Аянты 4,2 км2, көлөмү 223,5 млн м3. Эң терең жери 153 м. Көлгө 10 өзөн куят, негизгиси жогору жагындагы Капка-Таш көлүнөн агып чыгат. Андан башталган суу бөгөт аркылуу 280–300 м төмөн жагынан сарыгып агып чыккандыктан, көлдүн деңгээли 20–25 мге чейин өзгөрүп турат.