КАРАСУК МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – коло доорунун аягындагы археол. мад-т (б. з. ч. 2-миң жылдын аягы –1-миң жылдын башталышы). К. м. негизинен Түш. Сибирдин тоолуу р-ндорунда, Казакстанда ж-а Обь д-нын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы ж-а ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш м-н кыналган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. К. м-нын уруулары энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык м-н кесиптенишип, карапа идиштерин, коло буюмдарын көп жасап, айрымдарын айбандардын сүрөтү м-н кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моңголия, Байкал, Батыш Сибирь, О. Азия калкы м-н байланышта болгон.