КАРАСАРТОВА Койсун: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАСАРТОВА Койсун (1926, Нарын обл., Ат- Башы р-ну, Кара-Суу айылы – 9. 5. 2009, Нарын ш.) – драма артисти, КРдин эл арт. (1997). Нарын театрында (1940–49), М. Баетов атн. мад-т үйүндө (1949–51),

Ысык-Көл (1951–61), Нарын (1961-жылдан) драма театрларында иштеген. К. ар түрдүү жанрдагы спектаклдерде көптөгөн образдарды жараткан. Аткарган ролдору: Гүлгаакы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Шалтаке (К. Маликов, «Алмашым»), Айкүмүш (Ж. Садыков, «Та-

абалды Пудовкинди эскерип»), Парчагүл (С. Кожониязов, «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө»), Келин (Ж. Абдыкадыров, «Жүрөгүм менин тоолордо»), Бакыттын эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала»). К. ырчы катары да белгилүү. Кыргыз, казак, өзбек, уйгур ырларын С. Андабеков м-н бирге чебер аткарган. Медалдар м-н сыйланган.