КАРА-САЙ (Чоң Нарындын сол куймасы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-САЙ – Чоң Нарындын сол куймасы. Же­ти-Өгүз р-нунун аймагы м-н агат. Уз. 61 км, ала­бынын аянты 845 км2. Ак-Шыйрак тоо тоому­нун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түш.-батышты, түштүктү, андан ки­йин батышты карай агат. Башталышында кап-

Кышкы Кара-Сай.

чыгай аркылуу өтүп, тоодон чыкканда нугу кум­дуу келип, саздуу өрөөн м-н агат да, салааларга бөлүнүп, Чоң Нарынга сол жактан куят. Ири куймалары: оңу – Ачык-Таш-Төр, Кундай, Кырк- Коо-Суу, солу – Эгиз-Төр, Сары-Төр, Туюк-Ча­кыр-Корум. Жылдык орт. чыгымы 13,9 м3/сек. Апрелде кире баштап, сентябрь–октябрда тар­тылат. Эң көп чыгымы июль–августта, азы январь–февралда байкалат.