КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл р-нунда, Кара-Ой (Долинка) кыш-нын түш.-чыгышында, Ысык-Көлдүн жээгинде. 1957-ж. табылып, 1965-ж. запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон.
Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) күкүрттүү суутек жыттанган, асты бозомук кара (0,3 м) ж-а боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум ж-а кум-чополуу ылай жатат. Баткак аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/лге жетет). Баткактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден ири
бүртүкчөлөр 0,2%тен ашпайт. С. салм. 1,4–
1,5 г/см3. Аянты 2200 м2, орт. калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.