КАРАНТИН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАНТИ́Н (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу адм., санит. ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- к-да Италияда 1-жолу К. киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. К-ге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. К-ге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, мед. байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мис., холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде К-ге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, К-дин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – К. коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, К-дин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан вет. уставда ж-а инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада К. коюлат. К. коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңгайына ж. б. кошумча факторлорго карата аныкталат. К. коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде т. ж. бекетине, аэропортко, көлдөгү, портторго К. коюлса, А. ч. министрлигинин чечими б-ча вет. инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. К. эрежесинин так аткарылышын мамл. ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда респ., обл. ж-а вет. уюмдар убактылуу атайын вет. К-дик отряддарды, постторду түзүп, К. эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. К. ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, вет. инструкцияга таянып, жерг. мамл. администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда К. эрежелерин Эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
Д. Раимбеков.