КАРАМЗИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАМЗИ́Н</b> Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук | <b type='title'>КАРАМЗИ́Н</b> '''Николай Михайлович''' [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук району, Михайловка кыштагы – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петер­бург] – орус жазуучусу, публицист ж-а тарых­чы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-жылга чейин билим алган. Москва университетинен лекция уккан. Карамзиндин чыгармачылыгы котормодон баш­талган. 1789-жылы Батыш Европаны аралап, бел­гилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар м-н тааныш­кан. | ||
Михайловка | |||
[[File:КАРАМЗИН28.png | thumb | none]] | [[File:КАРАМЗИН28.png | thumb | none]] | ||
Ал Россияда «Московский журнал» ( | Ал Россияда «Московский журнал» (1791–92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чы­гарган. «Евгений менен Юлия» (1789), «Орус сая­катчысынын каттары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» ж. б. повестте­ри аркылуу орус адабиятында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин чыгармачылыгы­нын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жыл­дардын орто ченинде тарых маселелерине кы­зыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-жылдарда «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 том­дук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. Карамзин тарыхка кыраакы караган, башкача айтканда адамзат тарыхы бул – | ||
бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын неги­зин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билим­сиздиктин күрөшү түзөт деген. Карамзиндин түшүнүгү боюнча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таан­дык. Карамзиндин тарыхка көз карашы учурунда мам­лекет тарабынан колдоого алынып, расмий жол­-жобо деп таанылган. Славянофилдер Карамзинди ру­ханий атабыз деп эсептешкен. А. И. Герцен Карамзин «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген. | |||
«Байкуш Лиза», «Наталья – | |||
бояр кызы» ж. б. повестте­ри аркылуу орус | |||
К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин | |||
«Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 том­дук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин | |||
тарыхындагы чоң окуя болгон. | |||
бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын неги­зин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билим­сиздиктин күрөшү түзөт деген. | |||
«биздин адабиятты гумандуу кылды» деген. | |||
Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; <i>Сапченко Л. А.</i> Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Улья­новск, 2003. | Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; <i>Сапченко Л. А.</i> Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Улья­новск, 2003. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:28, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАМЗИ́Н Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук району, Михайловка кыштагы – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петербург] – орус жазуучусу, публицист ж-а тарыхчы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-жылга чейин билим алган. Москва университетинен лекция уккан. Карамзиндин чыгармачылыгы котормодон башталган. 1789-жылы Батыш Европаны аралап, белгилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар м-н таанышкан.

Ал Россияда «Московский журнал» (1791–92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чыгарган. «Евгений менен Юлия» (1789), «Орус саякатчысынын каттары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» ж. б. повесттери аркылуу орус адабиятында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин чыгармачылыгынын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жылдардын орто ченинде тарых маселелерине кызыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-жылдарда «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 томдук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. Карамзин тарыхка кыраакы караган, башкача айтканда адамзат тарыхы бул – бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын негизин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билимсиздиктин күрөшү түзөт деген. Карамзиндин түшүнүгү боюнча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таандык. Карамзиндин тарыхка көз карашы учурунда мамлекет тарабынан колдоого алынып, расмий жол-жобо деп таанылган. Славянофилдер Карамзинди руханий атабыз деп эсептешкен. А. И. Герцен Карамзин «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген.
Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; Сапченко Л. А. Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Ульяновск, 2003.