КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ (1130–1213) – Кашкар, Жети-Суу, Түш. Казакстан ж-а Маве­раннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет. Түн. Кытайдагы Ляо мамлекетин чжурчжендер талкалагандан (1125) кийин, анын өзөгүн түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү Елүй Да­шинин жетекчилиги м-н Моңголияга кетип, ал жерде Бей Ляо (Түн. Ляо) мамлекетин негиз­дешкен. 1128-ж. анын аскери Кашкарга кол сал­ган ж-а 1130-ж. Караханид мамлекетин басып алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) К. к. м. кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга че­йин жетип, Баласагун ш. борбору болгон. К. к. м-не азыркы Түн. Кырг-н гана баш ийген. Калкы ислам, о. эле несториан, буддизм, теңир­чилик ж. б. диндерди туткан. 1198-ж. афганстан­дык гуриддердин катуу соккусунан К. к. м. алсы­рай баштаган. 1210-ж. Чыңгыз хандан жеңил­ген найман ханынын уулу Күчлүк Жети-Сууга келип, К. к. м-нин гурханы Чжилугудунун ише­нимине кирген. Бирок 1212-ж. козголоң чыга­рып, анын тактысын тартып алган. 1218-ж. моң­голдор басып алгандан кийин, К. к. м. бирото­ло жоюлган.


Ад.: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья. М., 1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; Караев О. История Кара­ханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983.