КАРАКЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКЧЫЛЫК – пайда көрүү максатында жеке менчик, коомдук мүлктөргө кол салуу, зордоп ээлеп алуу. К. негизинен өмүр, саламаттыкка коркунуч келтире турган зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу аныкталат. К-тын объектиси болуп жабырлануучунун менчиги; кошумча объектиси болсо анын саламаттыгы; ал эми кылмыш предмети катары бирөөнүн мүлкү эсептелинет. К. атайылап, тике ниетте жасалышы м-н мүнөздөлөт. Мындай кылмышты квалификациялоодо айыпталуучунун күнөөсү гана эмес, кылмыштын жүйөсү да такталышы зарыл. 14 жашка толгон акыл-
эси соо адам гана К-тын субъектиси болуп эсептелинет. Алдын-ала бүтүм кылынбай же бүтүм б-ча да бир нече жолу турак жай, имарат ж. б. сактоочу жайга кирүү, курал же курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу, мурда уурулук жасоо, опузалоо ж-а бандиттик үчүн соттолуп, ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу максатында жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү м-н уюмдашкан топ жасаган кылмыш К-тын оордотуучу ж-а өтө оордотуучу белгилери болуп саналат.
К. А. Бодобаев.