КАРА-КУЛЖА (Кара-Дарыянын оң куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КУЛЖА – Кара-Дарыянын оң куймасы, Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нунун аймагы аркылуу аккан суу. Уз. 104 км, алабынын аянты 1200 км2. Фергана тоо тизмеги м-н Үч-Сейит тоосунун кошулушунан башталып, Фергана ж-а Тасырак-Сай тоолорунун аралыгы м-н агат. Ири куймалары: Шоорук-Жылга, Үч-Сейит, Сурташ, Токсон-Кемпир, Көк-Жаңгак (оң), Качуркөл, Кашка-Суу, Талды-Суу, Беш-Мойнок (сол) ж. б. Жылдык орт. чыгымы 21,3 м3/сек. Ар бир чарчы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кырг-ндын аймагы б-ча эң көп (22 л/сек.км2). Аталышы суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып, каралжын тартып, ылайланып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа кыш. жайгашкан.