КАРА-КУЖУР ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-КУЖУР ОЙДУҢУ Ички Теңир-Тоодо. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Кара- Жорго тоосу м-н курчалат. Кочкор р-нунун аймагында. Аянты 1240 км2. Уз. 80 км, туурасы ортоңку бөлүгүндө 6–8 км; батыш бөлүгү кууш (1 кмге чейин). Таманы тектирлүү түздүк; бийикт. батышында 2500 м, төрүндө 3200 м, туурасы 6 км. Төртүнчүлүк мезгилдин борпоң шиленди тектерине толгон. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы –12,5°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 366 мм. Кышында кар аз түшүп, жер «кара» чыгат. Шамал көбүнчө батыштан согот, орт. ылдамдыгы 2,7 м/сек. Ойдуңу аркылуу Кара-Кужур суусу агат. Ортоңку ж-а жогорку бөлүктөрү булактуу, айрым жери саздак. Төрүндө аянты 0,15 км2 келген 2 көл бар. Кылканактуу-шыбактуу кургак талаа (2400–2700 м), субальп ж-а шалбаалуу талаа, альп шалбаалуу талаа (2700–3500 м), субнивалдык суук чөл, гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Ойдуңда Нарын ж-а Кочкор р-нунун малы кыштайт. Ортоңку бөлүгүндө көп жылдык тоют чөп, арпа айдалат. Ойдуңда Жер-Көчкү, Улакол, Кара-Кужур ж. б. кыш. жайгашкан.