КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ , Т а ш - Д ө б ө – б. з. 7–9-к-на таандык археол. эстелик. Нарын аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн орто че­нинде жайгашкан. Диаметри 44 м, бийикт. 3– 3,5 м. Аны жүзгө жакын майда дөбө-коргон курчап турат. Айрымдарынын жанында тике­синен тургузулган моло таштар бар. Тик казыл­ган көргө маркум, аты ж-а ат жабдыктары м-н бирге коюлган. Казуу учурунда шайынын кал­дыгы, мончоктор, бычак, тогоо, темир жебеле­ри бар саадак, жаа, коло чөгөрүлгөн кайыш кемерлер, темир ооздук, үзөңгү ж-а жыгач ээр­дин калдыгы табылган.