КАРАКОЛ (Ысык-Көл облусундагы шаар): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАКОЛ</b> (1889–1920- ж-а 1939–91- | <b type='title'>КАРАКОЛ</b> (1889–1920- ж-а 1939–91-жылдарда П р ж е­в а л ь с к) – шаар, Ысык-Көл облусунун борбору. Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690–1825 <i>м</i> бийикте жай­гашкан. Республиканын борбору Бишкектен 386 <i>км</i> чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 219 <i>км</i> (автомобиль жолу боюнча; көл аркы­луу 184 <i>км</i>). Калкы 66,3 миң (2009). Шаардын курамына <i>Жыргалаң</i> ж-а <i>Пристань-Прже­вальск</i> шаарчалары кирет. Азыркы шаар жайгашкан жерде эл байырта­дан эле отурукташканын ар түрдүү археологиялык та­былгалар айгинелейт. Алар – Челпек ж-а Ка­ракол тарыхый буюм-тайымдары, аэропорттун айланасында жайгашкан ташка чегилген сүрөт­төр ж-а сак-усундардын мезгилиндеги көрүстөн­дөр. Каракол шаары 1869-жылы 1-июлда падышалык бийлик тарабынан эски кербен жолунун боюн- | ||
Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун | |||
боюнда, деңиз | |||
Азыркы шаар жайгашкан жерде эл байырта­дан эле отурукташканын ар түрдүү | |||
[[File:КАРАКОЛ12.png | thumb | Каракол автобекети.]] | [[File:КАРАКОЛ12.png | thumb | Каракол автобекети.]] | ||
да (шаар аркылуу <i>Улуу жибек жолу</i>нун бир тармагы өткөн) негизделген. Ошол эле жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жай­гаштырылган. Шаарга Ак-Суу чебинен гарни­зон көчүп келип (мурда Ысык-Көл уездинин баш­каруу борбору болгон), жаңы аскер чеби Кара­кол деп аталып, уезддин борборуна айланган. | да (шаар аркылуу <i>Улуу жибек жолу</i>нун бир тармагы өткөн) негизделген. Ошол эле жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жай­гаштырылган. Шаарга Ак-Суу чебинен гарни­зон көчүп келип (мурда Ысык-Көл уездинин баш­каруу борбору болгон), жаңы аскер чеби Кара­кол деп аталып, уезддин борборуна айланган. 1869-жылдын аягы – 1870-жылдын башында 12 менчик үй, 50 майда дүкөн болгон. Караколдо 1872-жылы Ташкенттен ж-а Түркстандын башка шаарла­рынан келишкен 150 адам (көбүнчө татар, өзбек) жашаган. 1887-жылкы жер титирөөдөн майда көп имараттар кыйрап, кийин шаар Каракол суусун өрдөй курулган. Каракол шаары революцияга че­йин Кыргызстандагы белгилүү шаарлардын бири бол­гон. 1870-жылы 50дөн ашык дүкөн иштеп, 1872-жылы 150дөй киши жашаса, 1897-жылга карата жашоочу­лардын саны 8 миң, 1939-жылы 21 миңге жеткен. Борбордук Азияга жасаган 5-саякаты учурунда 1888-жылы 20-октябрда орус саякатчысы, географ Н. М. <i>Пржевальский</i> дүйнөдөн кайтып, сөөгү шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. Падышанын 1889-жылы 11-марттагы жарлыгы м-н Каракол шаары Пржевальск деп аталып, 1908-жылы 19-мартта ал шаардын герби бекитилген ж-а ал герб бир эле убакта уезддик болуп эсептелген. Анда алгачкы метеостанция (Я. И. Корольков 1881-жылы негиздеген) ж-а китепкана (1905) иште­ген. Биринчи журнал («Пржевальский сельский хозяин», 1913-жылдан) чыккан. 1918-жылы Каракол шаарында 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, интернат, 4 медресе ж-а ар түрдүү уюмдар иштеген. Орус ж-а чет өлкөлүк саякат­чылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизи­нен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаар­дын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгил­ме өсүмдүктөр ж-а шалбаа ээлейт. Түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа ж-а карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жум­шак, жайы жылуу. Жылдык орточо температурасы 5°С, январдыкы –6°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан­-чачыны 350–450 <i>мм</i>. Калкы көп улуттуу; кыргыз (54,4%), орус (26,8%), өзбек (3,8%), уйгур (3,6%), татар (2,1%), ошондой эле дуңган, украин, калмак, казак, немис ж. б. улуттар да жашайт.<br>Каракол – облустун маданий ж-а өнөр жай борбору. Не­гизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергети­калык машина куруу өнүккөн. Алар: «Төштүк» (эт комбинаты), «Ак-Булак» АК, сүт, нан, «Се­йил» заводдору, пиво кайнатуу ж-а спирт өндү­рүшү; жеңил 2 кичи ишкана («Бугу эне» тигүү ж-а бут кийим фабрикалары) иштейт. Машина ку­руу тармагындагы 3 ишкананын базасында бир­гелешкен «Улан» ж-а «Ысык-Көл электро» АКлары түзүлгөн. Негизинен электр-техникалык буюмдарды (электр плиткалары ж. б.) чыгарат. «Темир- Бетон» ж-а «Каракол-Таш» АКлары курулуш иштерин аткарат. Шаардын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 <i>м</i> бийикте жайгашкан аэро­порт бар.<br>Шаарда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ж. Алышбаев атындагы кооперация институту, Москва ишкердик ж-а укук институтунун Каракол филиалы, 2 кесиптик-техникалык окуу жайы, 4 техни­кум, 14 жалпы билим берүүчү (анын ичинде лицей ж-а гимназия) ж-а музыкалык мектеп, 16 мектепке чейин­ки балдар мекемеси бар. Драма театр, край таа­нуу музейи, 5 клуб, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 кино койгуч , ооруканалар, кургак учук дис­пансери, тиш дарылоочу 2 бейтапкана, санита­рия-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, базар, ресторан, кафе-барлар, тамакта­нуу жайлары иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Ю. Фучикке, басмачыларга каршы күрөштө кур­ман болгон чек арачыларга, Н. М. Пржеваль­скийге, К. <i>Тыныстанов</i> м-н Х. <i>Карасев</i>ге эсте-[[File:КАРАКОЛ13.png | thumb | Каракол шаары.<br>К. Тыныстанов ме­нен К. Карасаевдин эстелиги.]] | ||
1869-жылдын аягы – 1870-жылдын башында 12 | |||
менчик үй, 50 майда дүкөн болгон. | |||
чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа ж-а карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жум­шак, жайы жылуу. Жылдык | |||
январдыкы –6°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан­чачыны 350–450 <i>мм</i>. | |||
Калкы көп улуттуу; кыргыз (54,4%), орус (26,8%), өзбек (3,8%), уйгур (3,6%), татар (2,1%), | |||
Шаарда К. Тыныстанов | |||
[[File:КАРАКОЛ13.png | thumb | Каракол шаары.<br> | |||
К. Тыныстанов ме­нен К. Карасаевдин эстелиги.]] | |||
лик тургузулган. Жыгачтан салынган мусулман мечити, чиркөө ж. б. тарыхый ж-а маданий эс­теликтер сакталган. Көптөгөн үйлөр, тарыхый имараттар коргоого алынган. Белгилүү адамдар жашаган үйлөргө такталар орнотулган. Бел­гилүү тилчи, академик Х. <i>Карасаев</i>дин музейи уюштурулган. | лик тургузулган. Жыгачтан салынган мусулман мечити, чиркөө ж. б. тарыхый ж-а маданий эс­теликтер сакталган. Көптөгөн үйлөр, тарыхый имараттар коргоого алынган. Белгилүү адамдар жашаган үйлөргө такталар орнотулган. Бел­гилүү тилчи, академик Х. <i>Карасаев</i>дин музейи уюштурулган. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
07:54, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ (1889–1920- ж-а 1939–91-жылдарда П р ж ев а л ь с к) – шаар, Ысык-Көл облусунун борбору. Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкектен 386 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 219 км (автомобиль жолу боюнча; көл аркылуу 184 км). Калкы 66,3 миң (2009). Шаардын курамына Жыргалаң ж-а Пристань-Пржевальск шаарчалары кирет. Азыркы шаар жайгашкан жерде эл байыртадан эле отурукташканын ар түрдүү археологиялык табылгалар айгинелейт. Алар – Челпек ж-а Каракол тарыхый буюм-тайымдары, аэропорттун айланасында жайгашкан ташка чегилген сүрөттөр ж-а сак-усундардын мезгилиндеги көрүстөндөр. Каракол шаары 1869-жылы 1-июлда падышалык бийлик тарабынан эски кербен жолунун боюн-

да (шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өткөн) негизделген. Ошол эле жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жайгаштырылган. Шаарга Ак-Суу чебинен гарнизон көчүп келип (мурда Ысык-Көл уездинин башкаруу борбору болгон), жаңы аскер чеби Каракол деп аталып, уезддин борборуна айланган. 1869-жылдын аягы – 1870-жылдын башында 12 менчик үй, 50 майда дүкөн болгон. Караколдо 1872-жылы Ташкенттен ж-а Түркстандын башка шаарларынан келишкен 150 адам (көбүнчө татар, өзбек) жашаган. 1887-жылкы жер титирөөдөн майда көп имараттар кыйрап, кийин шаар Каракол суусун өрдөй курулган. Каракол шаары революцияга чейин Кыргызстандагы белгилүү шаарлардын бири болгон. 1870-жылы 50дөн ашык дүкөн иштеп, 1872-жылы 150дөй киши жашаса, 1897-жылга карата жашоочулардын саны 8 миң, 1939-жылы 21 миңге жеткен. Борбордук Азияга жасаган 5-саякаты учурунда 1888-жылы 20-октябрда орус саякатчысы, географ Н. М. Пржевальский дүйнөдөн кайтып, сөөгү шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. Падышанын 1889-жылы 11-марттагы жарлыгы м-н Каракол шаары Пржевальск деп аталып, 1908-жылы 19-мартта ал шаардын герби бекитилген ж-а ал герб бир эле убакта уезддик болуп эсептелген. Анда алгачкы метеостанция (Я. И. Корольков 1881-жылы негиздеген) ж-а китепкана (1905) иштеген. Биринчи журнал («Пржевальский сельский хозяин», 1913-жылдан) чыккан. 1918-жылы Каракол шаарында 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, интернат, 4 медресе ж-а ар түрдүү уюмдар иштеген. Орус ж-а чет өлкөлүк саякатчылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр ж-а шалбаа ээлейт. Түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа ж-а карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу. Жылдык орточо температурасы 5°С, январдыкы –6°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 350–450 мм. Калкы көп улуттуу; кыргыз (54,4%), орус (26,8%), өзбек (3,8%), уйгур (3,6%), татар (2,1%), ошондой эле дуңган, украин, калмак, казак, немис ж. б. улуттар да жашайт.
Каракол – облустун маданий ж-а өнөр жай борбору. Негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Алар: «Төштүк» (эт комбинаты), «Ак-Булак» АК, сүт, нан, «Сейил» заводдору, пиво кайнатуу ж-а спирт өндүрүшү; жеңил 2 кичи ишкана («Бугу эне» тигүү ж-а бут кийим фабрикалары) иштейт. Машина куруу тармагындагы 3 ишкананын базасында биргелешкен «Улан» ж-а «Ысык-Көл электро» АКлары түзүлгөн. Негизинен электр-техникалык буюмдарды (электр плиткалары ж. б.) чыгарат. «Темир- Бетон» ж-а «Каракол-Таш» АКлары курулуш иштерин аткарат. Шаардын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 м бийикте жайгашкан аэропорт бар.
Шаарда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ж. Алышбаев атындагы кооперация институту, Москва ишкердик ж-а укук институтунун Каракол филиалы, 2 кесиптик-техникалык окуу жайы, 4 техникум, 14 жалпы билим берүүчү (анын ичинде лицей ж-а гимназия) ж-а музыкалык мектеп, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар. Драма театр, край таануу музейи, 5 клуб, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 кино койгуч , ооруканалар, кургак учук диспансери, тиш дарылоочу 2 бейтапкана, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар, тамактануу жайлары иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Ю. Фучикке, басмачыларга каршы күрөштө курман болгон чек арачыларга, Н. М. Пржевальскийге, К. Тыныстанов м-н Х. Карасевге эсте-

К. Тыныстанов менен К. Карасаевдин эстелиги.
лик тургузулган. Жыгачтан салынган мусулман мечити, чиркөө ж. б. тарыхый ж-а маданий эстеликтер сакталган. Көптөгөн үйлөр, тарыхый имараттар коргоого алынган. Белгилүү адамдар жашаган үйлөргө такталар орнотулган. Белгилүү тилчи, академик Х. Карасаевдин музейи уюштурулган.