КАРАКОЛ (Ысык-Көл облусундагы шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКОЛ (1889–1920- ж-а 1939–91-ж. П р ж е­в а л ь с к) – шаар, Ысык-Көл обл-нун борбору.
Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түн. этегинде, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңг. 1690–1825 м бийикте жай­гашкан. Республиканын борбору Бишкектен 386 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекети­нен 219 км (автомобиль жолу б-ча; көл аркы­луу 184 км). Калкы 66,3 миң (2009). Шаардын курамына Жыргалаң ж-а Пристань-Прже­вальск шаарчалары кирет.
Азыркы шаар жайгашкан жерде эл байырта­дан эле отурукташканын ар түрдүү археол. та­былгалар айгинелейт. Алар – Челпек ж-а Ка­ракол тарыхый буюм-тайымдары, аэропорттун айланасында жайгашкан ташка чегилген сүрөт­төр ж-а сак-усундардын мезгилиндеги көрүстөн­дөр. Каракол ш. 1869-ж. 1-июлда падышалык бийлик тарабынан эски кербен жолунун боюн-

Каракол автобекети.

да (шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өткөн) негизделген. Ошол эле жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жай­гаштырылган. Шаарга Ак-Суу чебинен гарни­зон көчүп келип (мурда Ысык-Көл уездинин баш­каруу борбору болгон), жаңы аскер чеби Кара­кол деп аталып, уезддин борборуна айланган. 1869-жылдын аягы – 1870-жылдын башында 12 менчик үй, 50 майда дүкөн болгон. К-до 1872-ж. Ташкенттен ж-а Түркстандын башка шаарла­рынан келишкен 150 адам (көбүнчө татар, өзбек) жашаган. 1887-жылкы жер титирөөдөн майда көп имараттар кыйрап, кийин шаар Каракол суусун өрдөй курулган. Каракол ш. рев-яга че­йин Кырг-ндагы белгилүү шаарлардын бири бол­гон. 1870-ж. 50дөн ашык дүкөн иштеп, 1872-ж. 150дөй киши жашаса, 1897-ж. карата жашоочу­лардын саны 8 миң, 1939-ж. 21 миңге жеткен. Борб. Азияга жасаган 5-саякаты учурунда 1888-ж. 20-октябрда орус саякатчысы, географ Н. М. Пржевальский дүйнөдөн кайтып, сөөгү шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. Падышанын 1889-ж. 11-марттагы жарлыгы м-н К. ш. Пржевальск деп аталып, 1908-ж. 19-мартта ал шаардын герби бекитилген ж-а ал герб бир эле убакта уезддик болуп эсептелген. Анда алгачкы метеостанция (Я. И. Корольков 1881-ж. негиздеген) ж-а китепкана (1905) иште­ген. Биринчи журнал («Пржевальский сельский хозяин», 1913-жылдан) чыккан. 1918-ж. К. ш-нда 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, интернат, 4 медресе ж-а ар түрдүү уюмдар иштеген. Орус ж-а чет өлкөлүк саякат­чылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизи­нен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаар­дын түш. тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгил­ме өсүмдүктөр ж-а шалбаа ээлейт. Түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа ж-а карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жум­шак, жайы жылуу. Жылдык орт. темп-расы 5°С, январдыкы –6°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан­чачыны 350–450 мм. Калкы көп улуттуу; кыргыз (54,4%), орус (26,8%), өзбек (3,8%), уйгур (3,6%), татар (2,1%), о. эле дуңган, украин, калмак, казак, немис ж. б. улуттар да жашайт.
К. – облустун маданий ж-а өнөр жай борбору. Не­гизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергети­калык машина куруу өнүккөн. Алар: «Төштүк» (эт комбинаты), «Ак-Булак» АК, сүт, нан («Се­йил») з-ддору, пиво кайнатуу ж-а спирт өндү­рүшү; жеңил 2 кичи ишкана («Бугу эне» тигүү ж-а бут кийим ф-калары) иштейт. Машина ку­руу тармагындагы 3 ишкананын базасында бир­гелешкен «Улан» ж-а «Ысык-Көл электро» АК-лары түзүлгөн. Негизинен электр-тех. буюмдар-


ды (электр плиткалары ж. б.) чыгарат. «Темир- Бетон» ж-а «Каракол-Таш» АКлары курулуш иштерин аткарат. Шаардын түн.-чыгышында деңиз деңг. 1700 м бийикте жайгашкан аэро­порт бар.
Шаарда К. Тыныстанов атн. Ысык-Көл мамл. ун-ти, Ж. Алышбаев атн. Кооперация ин-ту, Москва ишкердик ж-а укук ин-тунун Каракол филиалы, 2 кесиптик-тех. окуу жайы, 4 техни­кум, 14 жалпы билим берүүчү (а. и. лицей ж-а гимназия) ж-а муз. мектеп, 16 мектепке чейин­ки балдар мекемеси бар. Драма театр, край таа­нуу музейи, 5 клуб, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 кино койгуч , ооруканалар, кургак учук дис­пансери, тиш дарылоочу 2 бейтапкана, санита­рия-эпидемиол. станция, 3 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, базар, ресторан, кафе-барлар, тамакта­нуу жайлары иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Ю. Фучикке, басмачыларга каршы күрөштө кур­ман болгон чек арачыларга, Н. М. Пржеваль­скийге, К. Тыныстанов м-н Х. Карасевге эсте-

Каракол шаары.
К. Тыныстанов ме­нен К. Карасаевдин эстелиги.

лик тургузулган. Жыгачтан салынган мусулман мечити, чиркөө ж. б. тарыхый ж-а маданий эс­теликтер сакталган. Көптөгөн үйлөр, тарыхый имараттар коргоого алынган. Белгилүү адамдар жашаган үйлөргө такталар орнотулган. Бел­гилүү тилчи, академик Х. Карасаевдин музейи уюштурулган.