КАРАКОЛ (Көкөмерендин сол куйма­сы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКОЛ , Б а т ы ш К а р а к о л – Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөмерендин сол куйма­сы. Жайыл, Жумгал р-ндору аркылуу агат. Уз. 89 км, алабынын аянты 1230 км2. Кыргыз Ала-Тоосу м-н Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, анча кууш эмес өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Туюк-Ала- Арча, Сөөк, Ашуу-Ала-Арча, Шили-Суу, Соку­лук, Чаар-Таш ж. б. Майда куймалары көп. Жылдык орт. чыгымы 19,7 м3/сек; эң көбү 56,9 м3/сек, эң азы 7,03 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Боюнан Кожомкул атн. кыш. орун алган.