КАРА-ЖОРГО ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ЖОРГО ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Кочкор ж-а Нарын р-ндорунун чегинде. Түндүгүнөн Кара-Кужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Кара-Кужур, Солтон-Сары, батышынан Сары-Булак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 3933 м. Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийикт. чыгышында 380 м, батышында 800 м. К.-Ж. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бөлүгү неогендин аягы – төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген, неогендин кызыл түстүү тектери м-н капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү. Май- Төр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыздап, батышты карай айрым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да, кайра 3000 мге чейин жапыздайт. Түн. капталы узун ж-а жантайыңкы, түш. капталы кыска. Түн. капталында тепши сымал өрөөндөр да кездешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Ак-Кыя (3495 м), Кашка-Суу (3627 м), Чамынды-Жылга (4414 м), Жалпак-Бел (3300 м) ж. б. ашуулары бар. К.-Ж. т. негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) ж-а протерозойдун метаморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийикке субальп, шалбаалуу-талаа, түн. капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.