КАРАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАЕВ Өмүркул [1930, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Чүй р-ну, Сайлык кыш. – 19. 9. 2002, Биш­кек] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1984), проф. (1994). 1953-ж. КМУну бүткөн. 1952– 58-ж. Ош обл-нун мектептеринде мугалим, 1963– 87-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда кен­же, улук, жетектөөчү ил. кызматкер, сектор баш­чысы, 1987–94-ж. Кол жазмалар ж-а жарыя­лоо бөлүмүнүн башчысы, 1994–2002-ж. сектор башчысы болуп иштеген. Эмгектери байыркы ж-а о. кылымдагы кыргыз тарыхынын маселе­лерине, а. и. Моголстандын тарыхын изилдөөгө арналган ж-а кыргыз элинин этнос болуп түзүлү­шү, анын тарыхый хроникаларын аныктоодо сунуш кылган жаңы көз караштары бир топ талаш маселелерди чечүүдө маанилүү болуп эсеп­телет. К.– кыргыз илимпоздорунун ичинен ал­гачкы араб таануучу. 50дөн ашуун ил. эмгек­тин (4 монография, 1 китеп) автору.


Эмг.: Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973; История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983; Чагатайский улус, государство Хайду, Мого­листан. Б., 1994.