КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ</b> Ош | <b type='title'>КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ</b> Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынаннан 70 <i>км</i> түндүк-чыгышта, Фер­гана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, Кара-Дөбө ж-а Байбиче сууларынын ортоңку агымынын алабында. Кен жөнүндөгү алгачкы маа­лымат 1909––16-жылдарда Д. И. Мушкетовдун изилдөө­лөрүндө кездешет. 1941–45-жылдарда издөө иштери жүр­гүзүлгөн. 1990–92-жылдарда технологиялык көмүр изилденген.<br>Кен Бал-Камыш участкасы, Делдеке-Тоо аянты болуп экиге бөлүнөт. Көмүр туюк свитасы м-н байланышкан. Чаар-Таш ж-а Зындан свита­лары аз көмүрлүү. Көмүрдүү туюк свитасында 20га жакын кабат, кабатча кездешет. Анын ичинде 4 кабат кеңири тараган, калыңдыгы 0,5 <i>м</i>ден 5,2 <i>м</i>ге чейин. Сапаты ж-а технологиялык касиеттери боюнча биринчи майсыз (1Т) ж-а экинчи майсыз (2Т) маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 5,57%тен 14,85%ке чейин, күйүү жылуулугу 33,76–36,паттагы энергетикалык отун өндүрүүгө, карбид алууга ж-а кокстоого жарайт. Кайра бааланган (1990) болжолдуу ресурсу 40446 миң т. Делдеке- Тоо аянтынын Батыш участкасы түштүк жагын­да, ачык казып алуу үчүн жергиликтүү участка бөлүнгөн ж-а запасы эсептелген. Анын запасы С<sub>1 </sub>ж-а С<sub>2</sub> категориясы б-ча 42 миң т (1995). | ||
Кен Бал-Камыш участкасы, Делдеке-Тоо аянты болуп экиге бөлүнөт. Көмүр туюк свитасы м-н байланышкан. Чаар-Таш ж-а Зындан свита­лары аз көмүрлүү. Көмүрдүү туюк свитасында 20га жакын кабат, кабатча кездешет. | |||
14,85%ке чейин, күйүү жылуулугу 33, | |||
категориясы б-ча 42 миң т (1995). | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:53, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынаннан 70 км түндүк-чыгышта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, Кара-Дөбө ж-а Байбиче сууларынын ортоңку агымынын алабында. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1909––16-жылдарда Д. И. Мушкетовдун изилдөөлөрүндө кездешет. 1941–45-жылдарда издөө иштери жүргүзүлгөн. 1990–92-жылдарда технологиялык көмүр изилденген.
Кен Бал-Камыш участкасы, Делдеке-Тоо аянты болуп экиге бөлүнөт. Көмүр туюк свитасы м-н байланышкан. Чаар-Таш ж-а Зындан свиталары аз көмүрлүү. Көмүрдүү туюк свитасында 20га жакын кабат, кабатча кездешет. Анын ичинде 4 кабат кеңири тараган, калыңдыгы 0,5 мден 5,2 мге чейин. Сапаты ж-а технологиялык касиеттери боюнча биринчи майсыз (1Т) ж-а экинчи майсыз (2Т) маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 5,57%тен 14,85%ке чейин, күйүү жылуулугу 33,76–36,паттагы энергетикалык отун өндүрүүгө, карбид алууга ж-а кокстоого жарайт. Кайра бааланган (1990) болжолдуу ресурсу 40446 миң т. Делдеке- Тоо аянтынын Батыш участкасы түштүк жагында, ачык казып алуу үчүн жергиликтүү участка бөлүнгөн ж-а запасы эсептелген. Анын запасы С1 ж-а С2 категориясы б-ча 42 миң т (1995).