КАРА ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ДЕҢИЗ – Атлантика океанынын жер ор­толук деңизи; Россия, Украина, Румыния, Бол­гария, Түркия ж-а Грузиянын жээктерин чул­гайт. Батыштан чыгышка 1150 кмге, түндүк­төн түштүккө 580 кмге созулат; эң кууш жери 265 км. Керчь кысыгы аркылуу Азов, Босфор кысыгы аркылуу Мрамор деңиздери, андан ары Дарданелл кысыктары аркылуу Эгей, Жер орто­лук деңиздери м-н туташат. Аянты 422 миң км2. Суусунун көлөмү 547 миң км3. Орт. тереңдиги 1300 м, эң терең жери 2210 м. Батыш ж-а түн.- батыш жээктери жапыз, чыгышы ж-а түш. жээ­ги Чоң ж-а Кичи Кавказ, Понт тоолоруна така­лат. Ири булуңдары: Каркинит, Каламит, Днепр, Буг ж-а Днестр лимандары (түн.-батыш жээк­теринде), Синоп, Самсун (түш.). Эң ири ж-а жал­гыз жарым аралы – Крымдын түш. жээги тоо­луу. Аралдары аз; эң ирилери: Березань, Змеи­ный.
К. д. болжол м-н палеогендин аягынан нео­ген, антропоген мезгилдеринде калыптана баш­таган. Пайда болуу процессинин 1-стадиясында Каспий м-н бирге болгон. Палеогенден мурда­раак Кавказ тоолору көтөрүлүп, К. д. Каспий­ден бөлгөн. К. д. геол. өнүгүү тарыхында Жер ортолук деңизден бир нече жолу бөлүнгөн. Та­манынын рельефинде шельф, материктик кап-


Кавказдын Кара деңиз жээги.

тал, терең чуңкурдук өзгөчөлөнүп турат. Шельф­тин эң жазы жери (200 кмден ашат) деңиздин түн.-батыш бөлүгүндө, тереңдиги 110–160 мге жетет; калган бөлүктөрүндө адатта тереңдиги 110 мге чейин, жазылыгы 10–15 кмден 2,5 кмге чейин (Түркиянын жээктеринде). Материктик каптал суу астындагы чуңкурдуктар ж-а каньон­дор м-н өтө тилмеленген. Синоп м-н Самсундун аралыгында (150 кмден ашык аралыкта) суу ас­тындагы кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Чуңкурдуктун таманы аккумуляциялык жайпак түздүк, ал борборун карай 2000 м ж-а андан ашык тереңдейт (деңиздин эң терең жери 2211 м). Деңиз чанагынын басымдуу бөлүгү Альп геосинклиналдык бүктөлүү аймагында жай­гашкан. Чуңкурдуктун таманы эки катмардан турат: чөкмө тектүү ж-а базальттуу; чөкмө тектүү катмардын калыңдыгы 10–16 км. Чуңкурдук­тун борб. бөлүгүндөгү жер кыртышынын ка­лыңдыгы 22–25 км, чет-жакасында «базальт­тын» үстүндөгү гранит катмарыныкы 30–35 км. К. д-дин түн.-батыш шельфтүү бөлүгү Чыгыш Европа платформасынын түш. четин ж-а эпи­палеозойдук Скиф платформасын камтыйт. Негизги кен байлыктары: нефть ж-а газ (чуңкур­дуктун түн.-батышында), титан-магнетиттүү кум чачындысы (Тамань, Кавказдын жээктери). Деңизге Дунай, Днестр, Түш. Буг, Днепр, Рио­ни, Кызыл-Ырмак д. куят. Деңиз кургактык м-н курчалып тургандыктан, климаты конти­ненттик. Түн. бөлүгү мелүүн алкакта жатат; кышы жумшак, жайы жылуу. Түш. бөлүгү жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат алкагында жаткандыктан, кышы жылуу, жаан­чачын арбын жаайт, жайы ысык, кургакчыл. Кышында К. д-дин климатына Азия антицик­лонунун бир тармагынын таасиринен түн.-чы­гыш ж-а чыгыштан соккон муздак шамал, ай­рыкча Кавказ жээктеринин түн. бөлүгүндө катуу болот. Жогорку басымдын басаңдашы К. д-деги циклондун күчөшүнө ж-а түштүктөн жы­луу агымдын киришине алып келет. Январда­гы орт. темп-расы түн.-батышында –2,6––3°С, Крымдын түш. жээгинде 3,7°С, түш.-чыгышын­да ж-а түштүгүндө 6–9°С, батышында –1°Сден 4°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра К. д-дин түн. бөлүгүндө –25°Сден –30°Сге чейин жетет. Жа­йында Азор антициклону басымдуулук кылып, күн ачык ж-а жылуу болуп, шамал анча бол­бойт. Июлда абанын орт. темп-расы 22–25°С, эң жогорку темп-ра 35–37°Сге жетет. Жылдык жаан-чачыны батыш ж-а түн.-батышында 300– 500 мм, чыгыш ж-а түш.-чыгышында 1500– 2500 мм. Жайында өтө катуу куюн (смерч) да болот. Атм-нын циклондук айлануусу ж-а ма­териктен куйган дарыялар деңиз үстүндөгү суу­нун циклондук айлануусун пайда кылат. Суу бетинин темп-расы кышында 6–8°С, Керчь кы­сыгынан түн.-батышты ж-а түштүктү карай 0,5°Сге чейин төмөндөп, жайында суусунун темп­расы 25°Сден жогору болот. Туздуулугу 18‰ ча­масында, дарыя чаттарында 3–9‰. Кышында К. д-дин түн.-батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүн­дөгү булуңдарда муз тоңот. Деңиздин терең катмарында (150 мден төмөн) суунун курамын­да күкүрттүү суутек арбын, ал деңиз түбүндө 11– 14 мг/лге жетет. Ошого байланыштуу К. д-дин терең бөлүктөрүндө тирүү организм (бактерия­лардан башкасы) кездешпейт. Тюлень ж-а дель­фин бар. Балык (хамса, ставрида, скумбрия, пе­ламида, шпрот, осётр ж. б.) кармалат. Ири порт­тору: Одесса, Севастополь (Украина), Ильичёвск, Новороссийск, Туапсе (Россия), Поти, Батуми (Грузия), Констанца (Румыния), Бургас, Варна (Болгария), Трабзон, Самсун, Зонгулдак (Түр­кия). Жээктеринде курорттор көп: Крымдын Түш. жээги (Украина), Кавказдын Кара деңиз жээги (Абхазия, Грузия), Алтын Кум, Күнөстүү Жээк (Болгария) ж. б.


Ад.: Еремеева Е. Черноморье. Симферополь, 1965; Филиппов Д. М. Циркуляция и структура вод Черного моря. М., 1968; Кузьминская Г. Г. Черное море. 6-е изд. Краснодар, 1977; Физическая география матери­ков и океанов /Под ред. Рябчикова. М., 1988.

Ж. Чуңгулов.