КАРАГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак­тар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийикт. 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, кыч­кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун­да көп кездешет. К-тын кеңири таралгандары – кара К. (R. nigrum L.), кызыл К. (R.rubrum L.),

Кызыл карагат.


сары К. (R. aureum Purch.). Кырг-нда негизи­нен кара ж-а кызыл К. өстүрүлөт. К а р а К. мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% к-та­лар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азот­туу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг% ке чейин Р витамини, о. эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. К-тын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө К-тын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл К-тын мөмөсүндө 4– 10% кант, 2–4%и лимон к-тасы, С витамини (30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, о. эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: К. таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдет­тери: антракноз, дат ж. б.


Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.