КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ</b> Казакстан Респ-ндагы адм.-айм. бирдик. Облус 1932-ж. 10-мартта ую&shy;шулган. Аянты 428,0 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11
<b type='title'>КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ</b> Казакстан Республикасындагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта ую&shy;шулган. Аянты 428,0 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11
шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды ш. Об&shy;лус <i>Казак Сары-Аркасынын</i> борб. бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор м-н дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр <i>(Ка&shy;раганды көмүр бассейни),</i> темир, корунд, аки&shy;таш, отко чыдамдуу чопо, курулуш материал&shy;дары ж. б. бар. Климаты кескин континенттик.<br>
шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Об&shy;лус <i>Казак Сары-Аркасынын</i> борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор м-н дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр <i>(Ка&shy;раганды көмүр бассейни),</i> темир, корунд, аки&shy;таш, отко чыдамдуу чопо, курулуш материал&shy;дары ж. б. бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –16... –17°С, июлду&shy;ку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 <i>мм</i>, тоолуу аймактарында 300–400 <i>мм.</i> Ири дарыя&shy;лары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил ж. б. Иртыш –Караганды каналы (узундугу 500 <i>км</i>) курулган. Май&shy;да туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң ж-а күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде ж. б.), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыр&shy;гай ж. б.) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку ж. б. тоо&shy;лорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бой&shy;лорунда тал, шилби кезигет.<br>Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), ошондой эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2</sup>ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарла&shy;ры: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск. Краганды облусу 2001-жылы Казакстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 10,1%ин өндүргөн. Көмүр казып алуу (Караган&shy;ды, Шубар-Көл), энергетика (Абай, Караганды, Темир-Тоо), химиялык, машина куруу, металл иш&shy;тетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Андан тышкары көмүр коксталат. Кара (Кара-Жал, Кен-Төбө, Соколов-Сарыбай), түстүү (Жамбыл; вольфрам, молибден) ж-а сейрек кез&shy;дешүүчү металлдарды (Карагайлы, Жогорку Кай&shy;ракты) иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу (Ак-Тоо, Темир-Тоо) заводдор иштейт. 2001-жылы 10,8 млрд <i>кВт.саат</i> электр энергиясы өндүрүлгөн. Балкашта балык кармалып, белен&shy;делет. Айыл чарбага жарактуу жери 34257,1 миң <i>га</i>, анын ичинде айдоо аянты 1062,2 миң <i>га</i>, чабынды 389,6 миң <i>га</i>, жайыт 31724,9 миң <i>га</i> жерди түзөт. Не&shy;гизинен дан эгиндери (күздүк, жаздык), ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, күн карама, көп жылдык бак-дарактар өстүрүлөт. Эт-сүт багы&shy;тындагы уй, кой, жылкы, чочко асыралып, үй куштары багылат. Облустун аймагы аркылуу Павлодар – Чымкент нефть түтүгү өтөт. Облус&shy;та жалпы билим берүүчү 624 мамлекеттик мектеп, 17 ЖОЖ (анын ичинде университет, техникалык университеттер, эмгек гигиенасы м-н кесиптик оорулар ж-а түстүү металлургия институттары ж. б.), коллеждер, китепканалар, театрлар (анын ичинде орус, казак, немис драма), фи&shy;лармония, музейлер, цирк бар.
Январдын орт. темп-расы –16... –17°С, июлду&shy;ку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 <i>мм</i>,
тоолуу аймактарында 300–400 <i>мм.</i> Ири дарыя&shy;лары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил ж. б. Иртыш
Караганды каналы (уз. 500 <i>км</i>) курулган. Май&shy;да туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол,
ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы –
корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң ж-а күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде ж. б.), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыр&shy;гай ж. б.) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку ж. б. тоо&shy;лорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бой&shy;лорунда тал, шилби кезигет.<br>
Облустун калкы Казакстандын калкынын
9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), о. эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус
(1,5%), татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2</sup>ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарла&shy;ры: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск. К. о. 2001-ж. Казакстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 10,1%ин өндүргөн. Көмүр казып алуу (Караган&shy;ды, Шубар-Көл), энергетика (Абай, Караганды, Темир-Тоо), хим., машина куруу, металл иш&shy;тетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары
өнүккөн. Андан тышкары көмүр коксталат. Кара (Кара-Жал, Кен-Төбө, Соколов-Сарыбай), түстүү (Жамбыл; вольфрам, молибден) ж-а сейрек кез&shy;дешүүчү металлдарды (Карагайлы, Жогорку Кай&shy;ракты) иштетүүчү, курулуш материалдарын
чыгаруучу (Ак-Тоо, Темир-Тоо) з-ддор иштейт. 2001-ж. 10,8 млрд <i>кВт.саат</i> электр энергиясы
өндүрүлгөн. Балкашта балык кармалып, белен&shy;делет. А. ч-га жарактуу жери 34257,1 миң <i>га</i>, а. и. айдоо аянты 1062,2 миң <i>га</i>, чабынды 389,6 миң <i>га</i>, жайыт 31724,9 миң <i>га</i> жерди түзөт. Не&shy;гизинен дан эгиндери (күздүк, жаздык), о. эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, күн карама, көп жылдык бак-дарактар өстүрүлөт. Эт-сүт багы&shy;тындагы уй, кой, жылкы, чочко асыралып, үй куштары багылат. Облустун аймагы аркылуу
Павлодар – Чымкент нефть түтүгү өтөт. Облус&shy;та жалпы билим берүүчү 624 мамл. мектеп, 17 ЖОЖ (а. и. ун-т, тех. ун-ттер, Эмгек гигиенасы м-н кесиптик оорулар ж-а түстүү металлургия ин-ттары ж. б.), коллеждер, китепканалар, театрлар (а. и. орус, казак, немис драма), фи&shy;лармония, музейлер, цирк бар.


 
Ад.: Региональный статистический ежегодник Казакстана. А., 2001; Регионы Казакстана, А., 2002; Караганды облусу//Казакстан Улттык энциклопе&shy;диясы. 5-т. Алматы, 2003.
Ад.: Региональный статистический ежегодник
Казакстана. А., 2001; Регионы Казакстана, А., 2002; Караганды облусу//²аза²стан Ултты² энциклопе&shy;диясы. 5-т. Алматы, 2003.
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

09:30, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ Казакстан Республикасындагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта ую­шулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11 шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Об­лус Казак Сары-Аркасынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор м-н дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Ка­раганды көмүр бассейни), темир, корунд, аки­таш, отко чыдамдуу чопо, курулуш материал­дары ж. б. бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –16... –17°С, июлду­ку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыя­лары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил ж. б. Иртыш –Караганды каналы (узундугу 500 км) курулган. Май­да туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң ж-а күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде ж. б.), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыр­гай ж. б.) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку ж. б. тоо­лорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бой­лорунда тал, шилби кезигет.
Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), ошондой эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарла­ры: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск. Краганды облусу 2001-жылы Казакстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 10,1%ин өндүргөн. Көмүр казып алуу (Караган­ды, Шубар-Көл), энергетика (Абай, Караганды, Темир-Тоо), химиялык, машина куруу, металл иш­тетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Андан тышкары көмүр коксталат. Кара (Кара-Жал, Кен-Төбө, Соколов-Сарыбай), түстүү (Жамбыл; вольфрам, молибден) ж-а сейрек кез­дешүүчү металлдарды (Карагайлы, Жогорку Кай­ракты) иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу (Ак-Тоо, Темир-Тоо) заводдор иштейт. 2001-жылы 10,8 млрд кВт.саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Балкашта балык кармалып, белен­делет. Айыл чарбага жарактуу жери 34257,1 миң га, анын ичинде айдоо аянты 1062,2 миң га, чабынды 389,6 миң га, жайыт 31724,9 миң га жерди түзөт. Не­гизинен дан эгиндери (күздүк, жаздык), ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, күн карама, көп жылдык бак-дарактар өстүрүлөт. Эт-сүт багы­тындагы уй, кой, жылкы, чочко асыралып, үй куштары багылат. Облустун аймагы аркылуу Павлодар – Чымкент нефть түтүгү өтөт. Облус­та жалпы билим берүүчү 624 мамлекеттик мектеп, 17 ЖОЖ (анын ичинде университет, техникалык университеттер, эмгек гигиенасы м-н кесиптик оорулар ж-а түстүү металлургия институттары ж. б.), коллеждер, китепканалар, театрлар (анын ичинде орус, казак, немис драма), фи­лармония, музейлер, цирк бар.

Ад.: Региональный статистический ежегодник Казакстана. А., 2001; Регионы Казакстана, А., 2002; Караганды облусу//Казакстан Улттык энциклопе­диясы. 5-т. Алматы, 2003.