КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Жел-Аргы акиташ з-дунан 40 км түн. тарапта, Кастек тоосунун түш. кап­талындагы Карагай-Булак суусунун боюнда, де­ңиз деңг. 2600 м бийикте жайгашкан. Кен 1959– 63-ж. геол. карта түзүүдө ачылган. 1964-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындап, запа­сын аныктаган. Кен аймагында палеозой зама­нынын алгачкы мезгилиндеги акиташ, аргил­лит, сланец, граувак кумдуктары ж-а конгло­мерат жатат. Кен синклиналдык түзүлүштө, тек­тон. майда жарак алар м-н тилмеленген аки­таш тегинен турат. Катмардын калыңдыгы 325 м, уз. 2,7 км. Технол. сапаты б-ча цемент даярдоого жарактуу ж-а 1-сорттогу аки алса бо­лот. Баланстык запасы 11748 миң т (1975). Кен азырынча казылбайт.