КАЛАК БУТТУУЛАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КАЛАК БУТТУУЛАР127.png | thumb | | [[File:КАЛАК БУТТУУЛАР127.png | thumb | | ||
Калак буттуулар: 1 – суу жолборс, эркеги | Калак буттуулар: 1 – суу жолборс, эркеги; 2 – ургаачысы, 3 – баласы; 4 –ышкыргыч суу жолборс, эркеги; 5 – түндүк деңиз арстаны, эркеги, 6 – ургаачысы; 7 – деңиз мышыгы, эркеги, 8 – ургаачысы, 9 – баласы; 10 – деңиз коёну; 11 – кадимки тюлень; 12 – гренландия тюлени;13 – ургаачысы.]] | ||
03:25, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛАК БУТТУУЛАР (Pinnipedia) – cууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. Сууда жашоого ыңгайланып, денеси ийик сымал, жылмышчаак, беш манжалуу буттары калакка айланган, куйругу кыска. Жынысташуу, тукумун эмизүү, түлөө ж-а эс алуусу кургакта же муз үстүндө жүрөт. Тери астында калың май катмары (10 смге чейин) жылуулукту жөнгө салат ж-а азык зат запасы болуп эсептелет. Тиши жылмакай, деңиз жаныбарларын кармоого ылайыкталган. Эркеги ургаачысынан чоңураак. Сезүү органдарынан угуу ж-а көрүүсү жакшы өөрчүгөн. 3 тукуму: суу жолборстор (1 түр), кулактуу тюлендер ж-а тюлендер бар. Азыр 21 уруусу 31 түрү белгилүү. Бардык океандарда, КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү Тынч, Атлантика океандарынын ж-а Кара, Каспий деңиздеринде кездешет. Көбү мо-

ногамдар, ургаачысы 3–4, эркеги 5–6 жашында жыныстык жактан жетилет. 11–12 ай көтөрүп, жылына бир жолу 1 чоң бала тууйт. Саны азайып кеткендиктен, 6 түрү, 3 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.