КАЛАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type="title">КАЛАЙ</b> (лат. Stannum), Sn – <i>элементтердин мезгилдик системасынын</i> IV тобунда жайгаш­кан | <b type="title">КАЛАЙ</b> (лат. Stannum), Sn – <i>элементтердин мезгилдик системасынын</i> IV тобунда жайгаш­кан химиялык элемент; атомдук номерни 50; атомдуцк массасы 118,69. Та­биятта 10 изотоптун аралашмасынан турат. Ли­тосферанын 8<sup>.</sup>10<sup>–3 </sup>%ин түзөт. Калай – күмүш сыяк­туу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; эрүү t 231,9°C; кайноо t 2687°С. Химиялык бирикме­леринде II ж-а IV валенттүү. Кадимки шартта калай химиялык таасирлерге туруктуу. Абада жай кычкылданат ж-а ме­таллдын бетинде пайда болгон жука оксид кабыкчасы (SnO<sub>2</sub>) ан­дан ары кычкылдануудан сак­тайт. Фтор, хлор м-н кошулуп, SnF<sub>4</sub>, SnCl<sub>2 </sub>сыяктуу бирикмелер­ди пайда кылат. Күкүрт м-н ысыт­канда сульфиддер SnS, SnS<sub>2 </sub>алы­нат. Калайдын магний м-н куймасын кислотанын таасири м-н ажыратканда калай гидриди SnH<sub>4</sub> - уулуу газ алынат. Азот, аммиак м-н кошулбайт. Көмүртек, кремний м-н реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды берет Калайдын жез м-н болгон куймасы коло байыртадан бери белгилүү. Суюлтулган кислота ж-а жегичте жай эрийт. Концентрацияланган щелочто эриткенде калайлуу (H<sub>2</sub>SnO<sub>2) ж-а Калай</sub> кислотасынын туздары (станиттер ж-а станаттар) пайда болот. II валенттүү калай туздарынын көпчүлүгү - түссүз, сууда жакшы эриген заттар. Ал негизинен калай кенинен алынат. Мисалы, SnO<sub>2</sub>ни көмүртек же көмүртек (II) оксиди м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SnO<sub>2</sub> + 2C = Sn + 2CO; SnO<sub>2</sub> + 2CO = Sn + 2CO<sub>2</sub>. Алынган калайдын 40%ы тамак-аш өнөр жайында (тамак-ашты ороо үчүн), под­шипниктерди, басмакана куймаларын алуу, буюмдарды каңдоодо, сүрөт өнөр жайында боёк чыгарууда колдонулат. Калайдын алтын ж-а күмүш м-н куймасынан тиш салынат. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:57, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЛАЙ (лат. Stannum), Sn – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгашкан химиялык элемент; атомдук номерни 50; атомдуцк массасы 118,69. Табиятта 10 изотоптун аралашмасынан турат. Литосферанын 8.10–3 %ин түзөт. Калай – күмүш сыяктуу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; эрүү t 231,9°C; кайноо t 2687°С. Химиялык бирикмелеринде II ж-а IV валенттүү. Кадимки шартта калай химиялык таасирлерге туруктуу. Абада жай кычкылданат ж-а металлдын бетинде пайда болгон жука оксид кабыкчасы (SnO2) андан ары кычкылдануудан сактайт. Фтор, хлор м-н кошулуп, SnF4, SnCl2 сыяктуу бирикмелерди пайда кылат. Күкүрт м-н ысытканда сульфиддер SnS, SnS2 алынат. Калайдын магний м-н куймасын кислотанын таасири м-н ажыратканда калай гидриди SnH4 - уулуу газ алынат. Азот, аммиак м-н кошулбайт. Көмүртек, кремний м-н реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды берет Калайдын жез м-н болгон куймасы коло байыртадан бери белгилүү. Суюлтулган кислота ж-а жегичте жай эрийт. Концентрацияланган щелочто эриткенде калайлуу (H2SnO2) ж-а Калай кислотасынын туздары (станиттер ж-а станаттар) пайда болот. II валенттүү калай туздарынын көпчүлүгү - түссүз, сууда жакшы эриген заттар. Ал негизинен калай кенинен алынат. Мисалы, SnO2ни көмүртек же көмүртек (II) оксиди м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SnO2 + 2C = Sn + 2CO; SnO2 + 2CO = Sn + 2CO2. Алынган калайдын 40%ы тамак-аш өнөр жайында (тамак-ашты ороо үчүн), подшипниктерди, басмакана куймаларын алуу, буюмдарды каңдоодо, сүрөт өнөр жайында боёк чыгарууда колдонулат. Калайдын алтын ж-а күмүш м-н куймасынан тиш салынат.