КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ</b> , п с о р и а з – теринин көп жолугуучу жугуштуу эмес оорусу.  Бул оорунун себеби толук аныктала элек. Оору&shy;нун өнүгүшүнө нерв ж-а эндокрин системалары&shy;нын, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Ал – тукум куума оору. Бул оорунун башталы&shy;шында (кайсы гана жашта болбосун) териде, көбүнчө чыканакта, тизеде кызгылт же кызыл түстөгү майда тактар пайда болот, ал ак кабыр&shy;чыктар м-н капталып, оңой ажырайт, бул ка&shy;бырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгыл&shy;тым тартып, жылтырап, канталап калат. Так&shy;тар бири-бирине кошулуп, акырындык м-н чо&shy;ңоёт. Оору күчөп турган мезгилде дене ысыйт, бездер чоңоюп, муундар жабыркайт. Тырмак&shy;тардын өңү өчүп, калыңдайт, анда чекиттей  чуңкурчалар пайда болот. Нерв-психикалык травмада, диета бузулганда, ар кандай оорудан организм начарлаганда мезгили м-н жаңы&shy;рып, күчөп турат. Жай мезгилинде жакшы болуп калат. Ооруну дарылоо врачтын көзөмө&shy;лүндө жүргүзүлөт. Мал майын, углеводду (кант, картөшкө, ак нан) аз пайдалануу, сүт, жашыл&shy;ча диетасы сунуш кылынат. Оорулуунун жы&shy;луу климатта, деңиз жээгинде болушу пайда&shy;луу, анткени күнгө кактанып, деңизге түшүү, жер которуп эс алуу жакшы таасирин тийгизет.

[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

09:42, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ , п с о р и а з – теринин көп жолугуучу жугуштуу эмес оорусу. Бул оорунун себеби толук аныктала элек. Оору­нун өнүгүшүнө нерв ж-а эндокрин системалары­нын, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Ал – тукум куума оору. Бул оорунун башталы­шында (кайсы гана жашта болбосун) териде, көбүнчө чыканакта, тизеде кызгылт же кызыл түстөгү майда тактар пайда болот, ал ак кабыр­чыктар м-н капталып, оңой ажырайт, бул ка­бырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгыл­тым тартып, жылтырап, канталап калат. Так­тар бири-бирине кошулуп, акырындык м-н чо­ңоёт. Оору күчөп турган мезгилде дене ысыйт, бездер чоңоюп, муундар жабыркайт. Тырмак­тардын өңү өчүп, калыңдайт, анда чекиттей чуңкурчалар пайда болот. Нерв-психикалык травмада, диета бузулганда, ар кандай оорудан организм начарлаганда мезгили м-н жаңы­рып, күчөп турат. Жай мезгилинде жакшы болуп калат. Ооруну дарылоо врачтын көзөмө­лүндө жүргүзүлөт. Мал майын, углеводду (кант, картөшкө, ак нан) аз пайдалануу, сүт, жашыл­ча диетасы сунуш кылынат. Оорулуунун жы­луу климатта, деңиз жээгинде болушу пайда­луу, анткени күнгө кактанып, деңизге түшүү, жер которуп эс алуу жакшы таасирин тийгизет.