ИСМАИЛОВ Асейин: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСМАИЛОВ</b> '''Асейин''' (10. 3. 1937, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскон айылы – 22. 2. 2008, Бишкек) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). КМУну (1961), СССР ИАнын философия институтунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. 1968–69-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–76-жылдарда Н. Э. Бау&shy;ман атындагы МТЖОЖдо, ошол эле учурда Н. Э. Циол&shy;ковский атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–85-жылдарда РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер аралык ИИИде кызматкер, 1978–81-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-кон&shy;сультант, 1987–91-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эм&shy;гектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а философиялык, социологиялык талдоонун объектиси ката&shy;ры турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.
<b type='title'>ИСМАИЛОВ</b> '''Асейин''' (10. 03. 1937, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Жети-Өгүз району]], [[Барскоон айылы]] – 22. 02. 2008, [[Бишкек шаары]]) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). [[Кыргыз Республикасы]]нын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001). [[Кыргыз Мамлекеттик университети]]н (1961), [[СССР Илимдер академиясы]]нын философия институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1973). 1968–1969-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–1976-жылдарда Н. Э. Бау&shy;ман атындагы Москва Мамлекеттик Техникалык университетинде, ошол эле учурда Н. Э. Циол&shy;ковский атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–1985-жылдарда Москва шаарындагы РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер боюнча илимий изилдөө институтунда кызматкер, 1978–1981-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-кон&shy;сультант, 1987–91-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эм&shy;гектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а философиялык, социологиялык талдоонун объектиси ката&shy;ры турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.
 
Жогорку техникалык окуу жайында, ошол эле мезгилде Н. Э. Циалковский атындагы Москва авиациялык технологиялык институтунда, 1976—85-ж. РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер илимий изилдөө институтунда (Москва) иштеген.


Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.
Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

01:33, 14 Май (Бугу) 2026 -деги абалы

ИСМАИЛОВ Асейин (10. 03. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы – 22. 02. 2008, Бишкек шаары) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001). Кыргыз Мамлекеттик университетин (1961), СССР Илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1973). 1968–1969-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–1976-жылдарда Н. Э. Бау­ман атындагы Москва Мамлекеттик Техникалык университетинде, ошол эле учурда Н. Э. Циол­ковский атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–1985-жылдарда Москва шаарындагы РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер боюнча илимий изилдөө институтунда кызматкер, 1978–1981-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-кон­сультант, 1987–91-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эм­гектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а философиялык, социологиялык талдоонун объектиси ката­ры турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.

Жогорку техникалык окуу жайында, ошол эле мезгилде Н. Э. Циалковский атындагы Москва авиациялык технологиялык институтунда, 1976—85-ж. РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер илимий изилдөө институтунда (Москва) иштеген.

Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.