КАЛЫП (этнографияда): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page КАЛЫП to КАЛЫП этнографияда) |
(Айырма жок)
| |
10:39, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАЛЫП э т н о г р а ф и я д а – жасалуучу, куюлуучу ар кандай нерсенин же буюмдун түрүн түшүрүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп. Калып көбүнчө зергерчиликте кеңири тараган. Зергерлер күлбото топуракка жүн, тыбыт жана кылтак кошуп аябай ийлеп, чөйчөкчө кылып кургатып, ага ар кандай оймо-чийме түшүрүп, калып жасашкан. Ат жабдыктарын, кемер кур, кыз-келиндерди асем буюмдарын жана башкаларды жасаш үчүн түстүү металлдарды куюуда кеңири колдонушкан. Ортосунда ар кандай чоңдуктагы бир нече ок куюулуучу чуңкурлары бар жиксиз беттелүүчү эки бөлөк жалпак май таш – ок калып же калып таш, тактайдан чарчы түрүндө жасалып, кыш, көң куюлса, кыш же көң куюучу калып деп аталат.