ИЧКИ СЕКРЕЦИЯ БЕЗДЕРИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧКИ СЕКРЕ́ЦИЯ БЕЗДЕРИ</b> , э н д о к р и н с и с т е м а с ы – организм системаларын жөнгө салуучу бездер. Организмде эндокрин ж-а нерв системасы катышпаган бир да процесс жүрбөйт. Алардын иши бузулса, организмде олуттуу өз­гөрүүлөр болот. Ички секреция бездери өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды – гормондорду (өт­көөлдөрү болбогондуктан) сыртка чыгарбай кан­га ж-а лимфага кошот. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, аткарган ишин, алардын бузулушун эндокри­нология изилдейт. Эндокрин системасына ги­поталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал без ж-а анын жанындагы уйку бези, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү ж-а формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы жеринде жайгашкан. Эндокрин систе­масы бөлүп чыгарган гормондор кан м-н бүт де­неге тарап, органдардын иштерин жөнгө салып турат. Жаныбар м-н адам денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бири м-н айкалы­шып иштешинде гормондордун ролу чоң. | <b type='title'>ИЧКИ СЕКРЕ́ЦИЯ БЕЗДЕРИ</b> , э н д о к р и н с и с т е м а с ы – организм системаларын жөнгө салуучу бездер. Организмде эндокрин ж-а нерв системасы катышпаган бир да процесс жүрбөйт. Алардын иши бузулса, организмде олуттуу өз­гөрүүлөр болот. Ички секреция бездери өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды – гормондорду (өт­көөлдөрү болбогондуктан) сыртка чыгарбай кан­га ж-а лимфага кошот. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, аткарган ишин, алардын бузулушун эндокри­нология изилдейт. Эндокрин системасына ги­поталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал без ж-а анын жанындагы уйку бези, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү ж-а формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы жеринде жайгашкан. Эндокрин систе­масы бөлүп чыгарган гормондор кан м-н бүт де­неге тарап, органдардын иштерин жөнгө салып турат. Жаныбар м-н адам денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бири м-н айкалы­шып иштешинде гормондордун ролу чоң. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:27, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧКИ СЕКРЕ́ЦИЯ БЕЗДЕРИ , э н д о к р и н с и с т е м а с ы – организм системаларын жөнгө салуучу бездер. Организмде эндокрин ж-а нерв системасы катышпаган бир да процесс жүрбөйт. Алардын иши бузулса, организмде олуттуу өзгөрүүлөр болот. Ички секреция бездери өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды – гормондорду (өткөөлдөрү болбогондуктан) сыртка чыгарбай канга ж-а лимфага кошот. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, аткарган ишин, алардын бузулушун эндокринология изилдейт. Эндокрин системасына гипоталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал без ж-а анын жанындагы уйку бези, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү ж-а формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы жеринде жайгашкан. Эндокрин системасы бөлүп чыгарган гормондор кан м-н бүт денеге тарап, органдардын иштерин жөнгө салып турат. Жаныбар м-н адам денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бири м-н айкалышып иштешинде гормондордун ролу чоң.