ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ</b> – ичеги түйүлүп же буралып калганда, ичеги инвагинациясында, башкача айтканда ичегинин бир бөлүгү экинчи бөлүгүнө кирип калганда, ичеги бузулуп же кысылып (бү&shy;төлүп) калганда, чуркунун кысылышы, ичеги глисттер – мите курттар, бөтөн заттар же ка&shy;тыган заңдын туруп калышынан, ошондой  эле ичеги&shy;нин кыймылдоо функциясы (перистальтика) өтө бузулганда болгон өткөөлсүздүк. Ичеги  өткөөлсүздүгүндө  ич катуу ооруп, курулдап башталат. Ич көөп, жел ж-а заң чыкпайт, оорулуу адегенде ичкен тамагын, кийинчерээк сасык кусунду кусат. Балдардын ичеги инвагинациясында кан аралаш ич өтөт. Ал ичегинин катуу өзгөрүшүнө, жалпы орга&shy;низмдин абалынын оор бузулушуна (уулануу, суусуздануу) алып келет. Ошондуктан дарттын биринчи белгилери билинер замат тез жардам  чакыруу же оорулууну хирургиялык  бөлүмгө жеткирүү  зарыл. Врачка кеч кайрылуу же өз алдынча да&shy;рылануу (ичке ысык басуу, клизма жасоо, ич алдырма дары-дармектерди колдонуу ж. б.) өлүм коркунучун туудурат. Алдын алууда аны пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо ж-а туура тамактануунун мааниси чоң.
<b type='title'>ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ</b> ичеги түйүлүп же буралып калганда, ичеги инвагинациясында, башкача айтканда ичегинин бир бөлүгү экинчи бөлүгүнө кирип калганда, ичеги бузулуп же кысылып (бү&shy;төлүп) калганда, чуркунун кысылышы, ичеги глисттер – мите курттар, бөтөн заттар же ка&shy;тыган заңдын туруп калышынан, ошондой  эле ичеги&shy;нин кыймылдоо функциясы (перистальтика) өтө бузулганда болгон өткөөлсүздүк. Ичеги  өткөөлсүздүгүндө  ич катуу ооруп, курулдап башталат. Ич көөп, жел ж-а заң чыкпайт, оорулуу адегенде ичкен тамагын, кийинчерээк сасык кусунду кусат. Балдардын ичеги инвагинациясында кан аралаш ич өтөт. Ал ичегинин катуу өзгөрүшүнө, жалпы орга&shy;низмдин абалынын оор бузулушуна (уулануу, суусуздануу) алып келет. Ошондуктан дарттын биринчи белгилери билинер замат тез жардам  чакыруу же оорулууну хирургиялык  бөлүмгө жеткирүү  зарыл. Врачка кеч кайрылуу же өз алдынча да&shy;рылануу (ичке ысык басуу, клизма жасоо, ич алдырма дары-дармектерди колдонуу ж. б.) өлүм коркунучун туудурат. Алдын алууда аны пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо ж-а туура тамактануунун мааниси чоң.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:19, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ – ичеги түйүлүп же буралып калганда, ичеги инвагинациясында, башкача айтканда ичегинин бир бөлүгү экинчи бөлүгүнө кирип калганда, ичеги бузулуп же кысылып (бү­төлүп) калганда, чуркунун кысылышы, ичеги глисттер – мите курттар, бөтөн заттар же ка­тыган заңдын туруп калышынан, ошондой эле ичеги­нин кыймылдоо функциясы (перистальтика) өтө бузулганда болгон өткөөлсүздүк. Ичеги өткөөлсүздүгүндө ич катуу ооруп, курулдап башталат. Ич көөп, жел ж-а заң чыкпайт, оорулуу адегенде ичкен тамагын, кийинчерээк сасык кусунду кусат. Балдардын ичеги инвагинациясында кан аралаш ич өтөт. Ал ичегинин катуу өзгөрүшүнө, жалпы орга­низмдин абалынын оор бузулушуна (уулануу, суусуздануу) алып келет. Ошондуктан дарттын биринчи белгилери билинер замат тез жардам чакыруу же оорулууну хирургиялык бөлүмгө жеткирүү зарыл. Врачка кеч кайрылуу же өз алдынча да­рылануу (ичке ысык басуу, клизма жасоо, ич алдырма дары-дармектерди колдонуу ж. б.) өлүм коркунучун туудурат. Алдын алууда аны пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо ж-а туура тамактануунун мааниси чоң.