ИРАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
|||
| 47 сап: | 47 сап: | ||
[[File:ИРАН15.png | thumb | Сефид-Руд д-нын өрөөнүндөгү күрүч палдары.]] | [[File:ИРАН15.png | thumb | Сефид-Руд д-нын өрөөнүндөгү күрүч палдары.]] | ||
техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырт­тан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кай­налы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүк­төрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба то­варлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытын­да; 2002-жылы 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңу­нан балык кармалат.<br>Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банк­ финансы системасы; Иран борбордук банкы, 6 ком­мерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагер­лер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) би­риккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги бор­борлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эсте­ликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк ту­ризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоол­дук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия ж-а За­кавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борбор­лору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш аралы. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң <i>км</i> (анын ичинде 120,8 миң <i>км</i>и асфальтталган); негизги автомагистралда­ры: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н чек арасы; Пакистан м-н чек арасы /Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң <i>км</i> (анын 146 <i>км</i>и электр­лештирилген). Ирандын негизги темир жол магистрал­дары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торке­мен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магист­ралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-жылы Бафк – Мешхед темир жолу курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары куру­лууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, ме­талл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боли­вия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомей­ни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамлекеттик ири авиакомпания­сы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң <i>км</i>; анын 17,1 миң <i>км</i>и газ кууру, 8,5 миң <i>км</i>и нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Теге­ран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Кер­маншах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Не­ка – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кен­дерден нефтини порт терминалдарына жет­кирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экс­порттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анка­ра) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мег­ри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Те­геранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфа­хан шаарларында курулууда (2008).<br>Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд доллар­ды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продук­тулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдар­ды, өнөр жайы үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидер­ланд, Россия. | техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырт­тан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кай­налы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүк­төрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба то­варлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытын­да; 2002-жылы 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңу­нан балык кармалат.<br>Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банк­ финансы системасы; Иран борбордук банкы, 6 ком­мерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагер­лер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) би­риккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги бор­борлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эсте­ликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк ту­ризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоол­дук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия ж-а За­кавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борбор­лору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш аралы. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң <i>км</i> (анын ичинде 120,8 миң <i>км</i>и асфальтталган); негизги автомагистралда­ры: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н чек арасы; Пакистан м-н чек арасы /Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң <i>км</i> (анын 146 <i>км</i>и электр­лештирилген). Ирандын негизги темир жол магистрал­дары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торке­мен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магист­ралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-жылы Бафк – Мешхед темир жолу курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары куру­лууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, ме­талл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боли­вия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомей­ни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамлекеттик ири авиакомпания­сы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң <i>км</i>; анын 17,1 миң <i>км</i>и газ кууру, 8,5 миң <i>км</i>и нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Теге­ран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Кер­маншах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Не­ка – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кен­дерден нефтини порт терминалдарына жет­кирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экс­порттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анка­ра) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мег­ри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Те­геранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфа­хан шаарларында курулууда (2008).<br>Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд доллар­ды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продук­тулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдар­ды, өнөр жайы үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидер­ланд, Россия. | ||
'''Маданияты.''' Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, жогорку окуу жайларына чейин акысыз жүргүзү­лөт. Ири жогорку окуу жайлары Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-жылы алгачкы жеке менчик университет (Эркин ис­лам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улут­тук китепкана (1935-жылы негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана жогорку окуу жайларындагы китепка­налар жана башкалар. Булардан тышкары, ири мечит, мед­реселерде китепканалар бар, анын ичинен айрыкча Меш­хеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сак­талган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар династиясы­нын учуруна таандык мамлекеттик документтер) топ­толгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-жылга че­йин Ирандын байыркылык музейи), улуттук искусст­во (1930), килем (1978) музейлери жана башкалар. Иранда табият илимдери исламга чейин Саса­ниддер (III–VII кылымдар) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, ме­дицина, айыл чарба, ветеринария боюнча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (ай­рыкча географиянын) өнүгүшүнө Иран Аббасиддер халифатына карап турганда (VIII–XI кылымдар) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география боюнча эмгектери белгилүү болгон. Бул мез­гилде медицинада (ар-Рази жана Ибн Сина), мате­матикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы философиялык ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. III–VII кылымдарда Иранда ба­йыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм фи­лософиясы кеңири тараган. Тил илими бай лек­сикографиялык салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүн­дүрмө сөздүктөр XI кылымдан эле белгилүү. 1940-жылы чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы арабча-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз-Замахшари XII кылымда түзгөн. XIX кылымда илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859–1851), Тегеранда политехникалык мек­тептин ачылышы, Иранга чет элдик илимпоздор­дун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. XX кылымдан тар­тып илимий-изилдөө жакшы жолго коюлган.<br>Ирандын байыркы, айрыкча орто кылымдагы адабияты иран (фарсы, пушту, күрд жана башкалар) жана түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан жана башкалар) тилдеринде, ошондой эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (VII кылым), араб тили Иран адабиятынын негизги тилине айланган. IX кылымдан араб тилиндеги адабият менен катар фарсы ти­линдеги адабият өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили жана Иран классикалык поэзиясынын негизги жанр­дык формалары (рубаи, казал, касыйда, мес­неви, кыта) айрыкча Рудакинин чыгармачылыгында биротоло калыптанган. X кылымдын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эпикалык жыйнак жа­зуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» менен аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик адабият­тын өсүп жеткен чеги – Омар Хайямдын рубаи­лери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моң­гол баскынчылыгынан (1220–1256) бошонгондон кийин, XIII кылымдын 2-жарымы жана XIV кылымда Ирандын классикалык адабияты кайрадан өнүгүп, <i>Амир Хос­ров Дехлеви, Саади, Хафиз</i> жана башка акындар чы­гармаларын жараткан. XV кылымда өзбек акыны <i>Алишер</i> Навоинин окутуучусу жана досу Жами­нин фарс тилинде жазган чыгармалары класси­калык жеткилеңдиктин жогорку чегине жеткен. Мурда фарс адабиятынын чегинде бир нукта өнүгүп келген Иран адабияты XVI кылымда экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк жана башка элдер адабиятын өз тилинде жазууга өткөн. XX кылымдын 20-жылдары Тегеранда Иран адабий коому (Акылман Низа­ми коому) түзүлгөн. 1979-жылы Иран революциясынан ки­йин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кет­кен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган патриоттук адабият өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Мих­малбаор жана башкалар). Чет жактагы фарсы тилдүү адабият улуттук салттар менен тыгыз байланышын сак­тап, Ирандагы адабиятка да таасир тийгизүүдө (Ис­маил Фасиха, Х. Шакани). | |||
. Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, жогорку окуу жайларына чейин акысыз жүргүзү­лөт. Ири жогорку окуу жайлары Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-жылы алгачкы жеке менчик университет (Эркин ис­лам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улут­тук китепкана (1935-жылы негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана жогорку окуу жайларындагы китепка­налар жана башкалар Булардан тышкары, ири мечит, мед­реселерде китепканалар бар, анын ичинен айрыкча Меш­хеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сак­талган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар династиясы­нын учуруна таандык | |||
Биздин заманга чейинки 5–4-миң тургун жайлардан адамдар­дын, жаныбарлардын чоподон жасалган сө­лөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, че­бер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доор­го таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосун­да Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон. | Биздин заманга чейинки 5–4-миң тургун жайлардан адамдар­дын, жаныбарлардын чоподон жасалган сө­лөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, че­бер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доор­го таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосун­да Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон. | ||
| 60 сап: | 59 сап: | ||
[[File:ИРАН18.png | thumb | Кашандагы мечит менен медресе.]] | [[File:ИРАН18.png | thumb | Кашандагы мечит менен медресе.]] | ||
VIII–XIII кылымдарда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймеле­ринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сак­талган. XV–XVI кылымдарда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), ки­йинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таа­сири байкалат. Севефиддер доорунда (XVI–XVIII кылымдар) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Меш­хед, Тебриз). XVII кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башка эски кол өнөрчүлүк бор­борлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, бар­кыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металл­ды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт | VIII–XIII кылымдарда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймеле­ринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сак­талган. XV–XVI кылымдарда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), ки­йинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таа­сири байкалат. Севефиддер доорунда (XVI–XVIII кылымдар) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Меш­хед, Тебриз). XVII кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башка эски кол өнөрчүлүк бор­борлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, бар­кыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металл­ды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пай­да болгон. XX кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги ме­кемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салт­туу түрлөрү ары өнүгө баштады.<br>Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), тера­не (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), ке­манча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үй­лөмө), зарб (урма). Иран музыкасында XV кылымдан но­та жөнүндө маалымат кездешет. XIX кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя колле­жинде музыкалык мектеп негизделген. XX кылымдын 20-жылдары композитор, тарыхчы, Тегеран университетинин профессору Али Наги Вазири улуттук музыканы оку­тууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жа­зып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 1930-жылдардын ба­шында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (1940-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектеп­тер иштейт. XX кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенже­ра; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян; опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Ва­кили жана башкалар. Иранда Рудаки атындагы опера-балет теат­ры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана ка­мералык консерватория бар. XX кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-жылы Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачыл­ган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанр­ды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союзда­ры пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран коме­дия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 1960–1970-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясы­нан кийин Тегерандагы варьете театры жабыл­ган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну ислам­дын шарттарына туура келсе гана коюуга урук­сат берилген. XX–XXI кылымдардын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заман­бап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыш­тырууга аракеттер болууда. | ||
өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пай­да болгон. XX кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги ме­кемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салт­туу түрлөрү ары өнүгө баштады.<br>Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), тера­не (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), ке­манча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үй­лөмө), зарб (урма). Иран музыкасында XV кылымдан но­та жөнүндө маалымат кездешет. XIX кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя колле­жинде музыкалык мектеп негизделген. XX кылымдын 20-жылдары композитор, тарыхчы, Тегеран университетинин профессору Али Наги Вазири улуттук музыканы оку­тууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жа­зып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 1930-жылдардын ба­шында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (1940-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектеп­тер иштейт. XX кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенже­ра; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян; опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Ва­кили жана башкалар. Иранда Рудаки атындагы | |||
Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жыл­дарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Танг­сир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революци­яга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге же­тишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жобо­лоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыс­картылып, | Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жыл­дарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Танг­сир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революци­яга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге же­тишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жобо­лоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыс­картылып, жергиликтүү киностудиялардын продукция­лары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жыл­дардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын тасмалары ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияроста­ми, «Алчанын даамы», 1997, Канныда эл аралык кинофестивалдын башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоо­лук», 1995, Локарнодогу эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; С. Мак­малбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башка көркөм тасмалары эл ара­лык кинофестивалда башкы байгелерге та­тыган.<br>Иранда биринчи гезит 1835-жылы басылган. 2006-жылы Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Не­гизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эт­телаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Аб­рар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоук­туруу 1940-жылы башталган. 2005-жылы 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жыл­дардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио жанаа те­ле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башка маалымат борборло­ру иштейт. | ||
10:38, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ИРА́Н , И р а н И с л а м Р е с п у б л и к а с ы (Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-жылга чейинки расмий аталышы – Персия) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүк-батышынан Армения, Азербайжан, түндүк-чыгышынан Түркмөнстан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, батышынан Ирак, Түркия м-н чектешип, түндүгүнөн

Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман ж-а Перс булуңдары (андагы Кешм, Харк ж. б. аралдар Иранга карайт) м-н чулганат. Аянты 1648 миң км2. Калкы 70,5 млн (2006). Борбору – Тегеран ш. Расмий тили – фарсы тили. Акча бирдиги – риал. Административдик-аймактык жактан 30 останга (провинцияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облуска), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран м-н Кум шаарлары да остан статусуна ээ.

Иран – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1960), Ислам конференциясы уюмунун (1969) мүчөсү; СААРКта ж-а Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу статусуна ээ.
Мамлекеттик түзүлүшү. Иран – унитардык мамлекет. Конституциясы 1979-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – Ислам республикасы. 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин мамлекеттик бийлик бири-бирине көз карандысыз мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги аркылуу жүргүзүлөт. Бийликтин бул үч бутагын өлкө башчысы – Ислам революциясынын башкы жетекчиси көзөмөлдөйт. Ал Аксакалдар кеңеши (дин кызматкерлери) тарабынан өмүрүнүн акырына чейин шайланат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат, ал министрлер кабинетин жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – Ислам кеңешинин жыйыны (межлис). Иранда европалык типтеги расмий саясий партиялар жок, партия деп атаган саясий кыймылдар бар, алар дээрлик ислам идеологиясына таянат. Негизгилери: «Абадгарян» («Жаратмандар»), «Күрөшчүл динаятчылар коому», «Күрөшчүл молдолор жыйыны».
Табияты. Ирандын көп бөлүгү Иран тайпак тоосунун аймагында жайгашкан; анын ички бөлүгүн – бөксө тоолор ж-а Деште-Кевир, Деште- Лут ж. б. чөлдөр жайгашкан бийик түздүктөр ээлейт. Түндүгүндө Каспий деңизинен ойдуңдуу кууш тилке аркылуу бөлүнгөн Эльбурс кырка

тоосу (бийиктиги 5671 мге чейин, Демавенд жанартоосу – Ирандын эң бийик жери), түндүк-батышында Армян тайпак тоосунун чыгыш бөлүгү, түш.-батышы м-н түштүгүндө Ирандын ички аймактарын Месопотамия ойдуңунан ж-а Араб деңизинен бөлүп турган Загрос тоо системасы (бийиктиги 4548 мге чейин, Зерд-Кух чокусу) ж-а Түштүк Иран тоолору, Перс ж-а Оман булуңдарын бойлой Гермсир чөлү жайгашкан.
Өлкөнүн түндүгү м-н чыгышын Түркмөн-Хорасан ж-а Чыгыш Иран тоолору ээлейт. Ирандын аймагы Альп-Гималай геосинклиналь (кыймылдуу) алкагында жайгашкан. Борбордук бөлүгүндө кембрийге чейин пайда болгон айрым тоо массивдери (Борбордук Иран, Борбордук Чыгыш Иран, Лут) биригип, Борбордук Иран плитасын түзөт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүнүн климаты субтропиктик кон-

тиненттик; Перс ж-а Оман булуңдарын жээктей ысык тропиктик. Кышы түндүгүндө ж-а ички аймактарында серүүн (январдын орточо температурасы түндүгүндө 0°Сден төмөн, Тегеранда 2°Сге чейин), түштүгүндө жылуу (Перс булуңунун жээгинде январдын орточо температурасы 22–25°С). Кышында Ирандын түндүгүнө Орто Азия ж-а Сибирден соккон муздак аба абанын температурасын –25°Сге чейин төмөндөтөт. Жайында бардык жеринде ысык; июлдун орточо температурасы 29– 32°С. Өлкөнүн ички аймактарында ж-а түштүгүндө аба 40– 50°Сге чейин ысыйт; абсолюттук максимум (54°С) Хузстан өрөөнүндө катталган. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү өлкөнүн көп бөлүгүндө 500 ммге, Эльбурстун түндүк капталында 2000 ммге чейин, Систан чөлүндө 50 ммден аз жаайт. Дарыяларынын көбү суудан өксү. Карун, Шатт-эль-Араб дарыяларында кеме жүрөт; ири дарыясы – Сефидруд (Каспий деңизине куят). Ири көлдөрү – Урмия ж-а Хамун. Чөлдүн боз топурагы басымдуу; ошондой эле коңур ж-а күрөң тоо топурактары кездешет. Тайпак тоо ксерофиттери, чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу; Эльбурстун нымдуу түндүк капталында нымдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт.
Иранда 130дан ашык улуттук парк, улуттук табият эстеликтери, заказник режиминдеги резерваттар ую шулган; алардын жалпы аянты өлкөнүн аймагынын 6,5%ин ээлейт. Ири улуттук парктары: Баму, Кевир, Урмия, Борб. Эльбурс ж. б. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват-

Загрос тоолору. Самолёттон көрүнүшү.

тар тармагына 9 объект киргизилген: Арасбаран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале жарым аралы, Туран. Эл аралык маанидеги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн га), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.
Калкы. Ирандын калкынын көбү иран тилдеринде сүйлөгөндөр: 38,5%и перстер, 6,9%и күрддөр, 5,6%и мазендерандыктар, 5,6%и гиляндар, 3,7%и лурлар ж. б. Ал эми 30%ке жакыны түрк элдери (азербайжандар 20,3%, түркмөндөр 3,2%, кашкайлар 2,4 ж. б.). Ошондой эле арабдар (2,2%), цыгандар, армяндар, ассириялыктар ж. б. да жашайт. Калкынын жылдык орточо табигый

өсүшү 1,55%. Төрөлүү 1000 адамга 16,6 бала, өлүм-житим 5,7 киши. 15 жашка чейинки балдар 23,2%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 71,4%ти, 65тен ашкандар 5,4%ти түзөт. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 43 киши; эң жыш жайгашкан жерлери: Тегеран останы (12 км2 жерге 713 адам туура келет), Кум (90), ошондой эле Каспийдин жээгин бойлой (Гильян останында –172 адам, Мазендаранда – 123, Голстанда – 80). Өлкөнүн калкынын 1/4 и 7 шаарда отурукташкан: Тегеран (калкы 7186 миң, агломерациясы м-н 13 000 млндон ашык), Мешхед (2,5 млн), Исфахан (1,6 млн, агломерациясы м-н 2,9 млндон ашык), Кереж (1,6 млн, Тегерандын агломерациясына кирет), Тебриз (1,5 млндой), Шираз (1,3 млн), Кум (1,1 млн). Ирандын калкынын 98%тейи мусулмандар; анын ичинде шииттер 89%, сунниттер 9%.
Тарыхы. Ирандын аймагында адам төмөнкү палеолиттин аягында эле жашай баштаган.
Б. з. ч. 4–3-кылымдардын башында шаар-мамлекеттер пайда боло баштаган. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта Иран жергесине иран тобундагы (диалектилерде сүйлөгөн) көчмөн инди-европалык уруулар келген. Кийин алар жергиликтүү калкты өзүнө сиңирип алган. Б. з. ч. 670-жылдарда Мидия падышалыгы келип чыккан. 550-жылы Мидия Ахемениддер династиясына кирип калган. Б. з. ч. 550–330-жылдарда Ирандын аймагын Ахемениддер династиясы бийлеп турган. Ахемениддер мамлекетин б. з. ч. 330-жылы Александр Македонский басып алган. Ал өлгөндөн кийин Иран аймагы Селевкиддер мамлекетинин курамына кирген. Б. з. ч. 3-кылымдын ортосунда аймакта Парфия падышалыгы түзүлүп, ал б. з. ч. 2-кылымда бүткүл Иранды, Месопотамияны, Арменияны баш ийдирген. Б. з. 3-кылымында бүлүнгөн Парфиянын негизинде Сасаниддер мамлекети түзүлгөн. Ал мезгилде (3–7-кылымдар) кул ээлөөчүлүк түзүлүш начарлап, алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 651-жылы Сасаниддер мамлекетин арабдар басып алып, Араб халифатына кошкон. Өлкөдө ислам дини тарай баштап, 10- кылымда калктын көпчүлүгү ислам динин кабыл алган. 7-кылымдын аягынан араб үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүштөр (Абу Муслим, Сумбад Маг, Бабек ж. б.) чыккан. 11-кылымда сельжуктар каратып алып, бүткүл Иран ж-а ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында Селжуктар мамлекетин түзгөн. 1220-жылы моңголдор басып кирген. 13-кылымдын ортосунан – 14-кылымда Хулагулар мамлекетине, 1380–93-жылдарда Тимурдун империясына караган. Кичи Азиядан чыккан көчмөн түрк уруулары (кызыл баштар) 1501–10-жылдарда Иранды каратып, Сефевилер мамлекетинин түзүлүшүнө негиз салган. Алардын шахы Аббас Iнин реформалары борбордук бийликти чыңдап, Ирандын абалын жакшырткан. 17-кылымдын аягынан Севефиддер мамлекетинин саясий-экономикалык жактан начарлашы афгандардын 1722-жылы өлкөнүн борбор калаасы Исфаханды басып алышына алып келген. 1723-жылы Ирандын түндүк-батыш ж-а борбордук аймактарына түрктөр басып кирген. Баскынчыларга каршы согушту жетектеп, 20-жылдардын аягы – 30-жылдардын башында афгандар м-н түрктөрдү өлкөдөн кууп чыккан кол башчы Надир-хан (Надир шах Афшар; 1736–47) такка көтөрүлөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин ал түзгөн держава хандыктарга бөлүнүп кеткен. 19-кылымда орус-иран согуштарынын жыйынтыгында, Закавказье Россиянын курамына кошулган. 19-кылымдын аягынан – 20-кылымдын башында Иран Улуу Британия м-н Россиянын колониялык экспансиясынын негизги объектисине айланып, көп узабай эле жарым колонияга айланган. Элдин нааразылыгы күч алып, Иран революциясынын (1905–11) башталышына өбөлгө түзүлгөн. Анын жүрүшүндө конституция жарыяланып, межлис (парламент) чакырылган. Бирок россиялык, англиялык бириккен күчтөр аркылуу революция басылган. 1921-жылы РСФСР м-н Ирандын
ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлөт. 2-дүйнөлүк согушта Германия Ирандын аймагына кирип, СССРге каршы аракеттерди жүргүзө баштаган. Буга каршы англиялык ж-а советтик аскерлер Иранга киргизилген (1945–46-жылдарда чыгарылган). Согуштан кийин Мохаммед Реза-шах Пехлевинин (1941- жылдан шах) жүргүзгөн батышка багытталган саясаты калк ичинде нааразылык туудуруп, Иранда Ислам революциясы башталган (1979). Реза-шах Пехлеви өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1979-жылы референдум өткөрүлүп, Иран Ислам Республикасы жарыяланган. Аятолла Хомейни Ирандын башкы жетекчиси болуп калган. Жылдын аяк ченинде Ирак м-н мамилелер курчуп, 1980-жылы Перс булуңундагы үстөмдүк үчүн согуштук конфликттер жаралат. 1989-жылы тынчтык макулдашууларга кол коюлат. Ошол эле жылы, Хомейни өлгөндөн кийин өлкөнүн башына аятолла Сейед Али Хаменеи, президент А. А. Хашема-Рафсанжани келген. 1997-, 2001-жылдардагы президенттик шайлоодо Сейед Мохаммед Хатами жеңген. 2005-жылы М. Ахмадинежад президенттикке келип, 2009-жылы 2-мөөнөткө шайланган.
Ирандын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири – Иран ядролук программасы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу.
Өлкөдө уран кендеринин ачылышы тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле ядролук куралданууга да мүмкүнчүлүк түзгөн. АКШ ж-а анын союздаштары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып, Ирандан атом энергетика ж-а уранды иштетүүчү объектилердин курулушун токтотууну талап кылууда. Бирок, Иран ядролук программанын тынчтык мүнөздө экенин көрсөтүп, бул талаптарды аткаруудан баш тартууда. Чарбасы. Иран – экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкө. Нефть казып алуу боюнча дүйнөдөгү ал-
дыңкы өлкөлөрдүн бири. ИДП көлөмү 852,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 12 300 доллардан туура келет (2007). Жаңы Азадеган ж-а Ядаверан нефть-газ кендери ачылгандан кийин Ирандын дүйнөлүк нефтинин запасындагы үлүшү 11,1%ти, газдыкы 15,4%ти түздү (2005). Нефть ж-а газды казып алуу мамлекеттин көзөмөлүндө. Нефть казып алуу боюнча (194,6 млрд т) дүйнөдө 3-орунда (Россия ж-а Сауд Арабиясы-

нан кийин). Нефть казып алуучу негизги аймактары: өлкөнүн түштүк-батышы (Хузстан, Бушир остандары) ж-а Перс булуңунун шельфи. Нефть экспорттоо боюнча Иран дүйнөдө 3-орунда. Нефть экспорттоочу ири терминалдары Перс булуңунун аралдарында (Харк, Лаван, Сирри, Ларек ж. б.) жайгашкан. Газ өндүрүү боюнча (110,8 млрд м3; 2005) Россиядан кийинки 2-орунда. Газ өндүрүүчү негизги аймагы – Перс булуңунун шельфи; эң ири кени – Түштүк Парс. Көмүр жылына 2 млн тдан ашык казылып алынат. Электр энергетикасы тез темп м-н өнүгүүдө; 2006-жылы 173,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91,6%и ЖЭСке, 8,3%и ГЭСке, 0,1%и калгандарына (негизинен шамал энергия курулмасына) туура келет. Уран казылып алынып (Сагенд кени), байытылат. АЭС (Буширде) ж-а геотермия (Мешгиншехрде) станцияларынын курулушу аяктоодо (2008). Ирандын электр линиялары Азербайжандын, Армениянын, Түркмөнстандын ж-а Түркиянын электр системалары м-н туташкан. Жалпы кубаттуулугу 70 млн тдан ашкан нефть ажыратуучу 9 завод иштейт. Ирандын кара металлургиясы – Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн ичиндеги эң ири өндүрүш. 2005-жылы жылына 5 млн т темир кенташы, 9 млн тдан ашык болот, 2,3 млн т чоюн өндүрүлгөн. Бул тармактын негизги продукциялары: каңылтыр прокат, труба, зым, жеңил ж-а оор профиль, курулуш арматуралары ж. б. Түстүү металлургияда жез ж-а алюминий өндүрүшүнүн мааниси зор. Серчешме жез кенташ кени – дүйнөдөгү ири кендердин бири; кенташтын курамында ошондой эле молибден, күмүш, алтын да бар. Мейдук жез кени да маанилүү. 2005-жылы 365 миң т боксит казылып алынган. Алюминий өндүрүүчү ишканалары Эрак, Бендер-Аббас шаарларында жайгашкан. Коргошун-цинк, алтын кендери казып алына баштады. Химия өнөр жайында башкы орунду – нефть-химия ээлейт; анын негизги продукциялары: этилен, полиэтилен, полипропилен, поливинил-хлорид, аммоний, күкүрт, күкүрт кислотасы, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюмдар ж. б. Өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири – машина куруу; 21-кылымдан баштап автомобиль куруу тез темп м-н өнүгүүдө (ИДПнин 4%тен ашыгын түзөт). Анда негизинен жеңил автомобиль («Peikan» ж. б.) куруу, автомобиль кураштыруу ж-а анын тетиктерин чыгаруу иштери жүргүзүлөт. Жалпы автотранспорт каражаттарынын өлчөмү – 1 млн бирдикке жакын (2006). Авиация ж-а кеме куруу өнөр жайы граждандык ж-а аскердик продукцияларды чыгарат. «Иран- 140» самолёту өлкө ичиндеги каттамдарды тейлейт. Аскердик продукцияларды чыгаруучу 40 завод иштеп, алар азыркы куралдын ж-а аскер техникасынын бардык түрүн (артиллерия куралы ж-а ракетасы, курал, ок-дары, танк, зоттолгон транспортёр, аскер кемеси, вертолёт ж. б.) чыгарат. Курулуш материалдар өнөр жайынын башкы тармагы – цемент өндүрүшү (2006–07-ж. 40 млн т даярдаган). Өлкө цементти Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Афганстанга сатат. Жеңил өнөр жайынын өнүккөн тармагы – текстиль өнөр жайы; кебез ж-а жүн кездеме 100дөн ашык фабрикада чыгарылат. Ошондой эле булгаары-бут кийим, тигилүү кийим, трикотаж буюмдарын чыгаруучу ишканалары да бар. Тамак-аш өнөр жайында кант, күрүч актоочу, ун тартуучу, мөмө-жемиш, жашылча консервалоочу, балык иштетүүчү ишканалары кеңейүүдө. Ирандын экономикасында майда кол өнөрчүлүк промыселдеринин мааниси зор; айрыкча кол м-н токулган иран килеми дүйнөгө белгилүү (килемдин бир жылдык экспорттук баасы 500–600 млн долларды түзөт).
Өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгын айыл чарбасы толук канааттандыра албайт; ошондуктан азык-түлүктүн 10%тен ашыгын (анын ичинде өсүмдүк майынын 90%ин, күрүчтүн 30%ин) сырттан сатып алат. Айыл чарбасына жарактуу жери 51 млнго жакын, анын 17,1 млн гасы иштетилип, анын 15,3 млн гасы айдалат, 1,8 млн гасы бак-дарак


ж-а питомниктер. Чарбасынын 70%тен ашыгын 5 гага чейин жери бар (22%) майда чарбалар түзөт; 5–10 га жери барлар 21,5%, 10–50 га жердүүлөр 44%, 50 гадан ашык жери барлар 12,5% жерди ээлейт. Дыйкан чарбалары 7000ден ашык түрдүү кооперативдерге биригип, айыл чарбасында иштегендердин 80%ин камтыйт. Кооперативдер дыйкандарды жеңилдетилген банк кредиттери, өсүмдүк уруктары, айыл чарба техникасы, отун, керектелүүчү товарлар м-н камсыз кылып, ошондой эле продукцияны сатууну уюштуруп берет. Өлкөнүн айыл чарбасынын негизги тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү – дан эгиндери: буудай (2006–07-жылдарда 12 млн тдан ашык түшүм жыйналган; экспортко да чыгарат), шалы (1,6 млн т; Каспий боюнда), арпа (жылына 3 млн т);

техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырттан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кайналы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба товарлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытында; 2002-жылы 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банк финансы системасы; Иран борбордук банкы, 6 коммерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагерлер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) бириккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги борборлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эстеликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк туризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоолдук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия ж-а Закавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борборлору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш аралы. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң км (анын ичинде 120,8 миң кми асфальтталган); негизги автомагистралдары: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н чек арасы; Пакистан м-н чек арасы /Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң км (анын 146 кми электрлештирилген). Ирандын негизги темир жол магистралдары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торкемен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магистралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-жылы Бафк – Мешхед темир жолу курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары курулууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, металл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боливия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомейни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамлекеттик ири авиакомпаниясы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң км; анын 17,1 миң кми газ кууру, 8,5 миң кми нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Тегеран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Керманшах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Нека – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кендерден нефтини порт терминалдарына жеткирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экспорттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анкара) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мегри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Тегеранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфахан шаарларында курулууда (2008).
Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд долларды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продуктулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдарды, өнөр жайы үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидерланд, Россия.
Маданияты. Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, жогорку окуу жайларына чейин акысыз жүргүзүлөт. Ири жогорку окуу жайлары Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-жылы алгачкы жеке менчик университет (Эркин ислам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улуттук китепкана (1935-жылы негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана жогорку окуу жайларындагы китепканалар жана башкалар. Булардан тышкары, ири мечит, медреселерде китепканалар бар, анын ичинен айрыкча Мешхеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сакталган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар династиясынын учуруна таандык мамлекеттик документтер) топтолгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-жылга чейин Ирандын байыркылык музейи), улуттук искусство (1930), килем (1978) музейлери жана башкалар. Иранда табият илимдери исламга чейин Сасаниддер (III–VII кылымдар) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, медицина, айыл чарба, ветеринария боюнча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (айрыкча географиянын) өнүгүшүнө Иран Аббасиддер халифатына карап турганда (VIII–XI кылымдар) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география боюнча эмгектери белгилүү болгон. Бул мезгилде медицинада (ар-Рази жана Ибн Сина), математикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы философиялык ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. III–VII кылымдарда Иранда байыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм философиясы кеңири тараган. Тил илими бай лексикографиялык салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүндүрмө сөздүктөр XI кылымдан эле белгилүү. 1940-жылы чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы арабча-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз-Замахшари XII кылымда түзгөн. XIX кылымда илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859–1851), Тегеранда политехникалык мектептин ачылышы, Иранга чет элдик илимпоздордун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. XX кылымдан тартып илимий-изилдөө жакшы жолго коюлган.
Ирандын байыркы, айрыкча орто кылымдагы адабияты иран (фарсы, пушту, күрд жана башкалар) жана түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан жана башкалар) тилдеринде, ошондой эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (VII кылым), араб тили Иран адабиятынын негизги тилине айланган. IX кылымдан араб тилиндеги адабият менен катар фарсы тилиндеги адабият өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили жана Иран классикалык поэзиясынын негизги жанрдык формалары (рубаи, казал, касыйда, месневи, кыта) айрыкча Рудакинин чыгармачылыгында биротоло калыптанган. X кылымдын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эпикалык жыйнак жазуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» менен аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик адабияттын өсүп жеткен чеги – Омар Хайямдын рубаилери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моңгол баскынчылыгынан (1220–1256) бошонгондон кийин, XIII кылымдын 2-жарымы жана XIV кылымда Ирандын классикалык адабияты кайрадан өнүгүп, Амир Хосров Дехлеви, Саади, Хафиз жана башка акындар чыгармаларын жараткан. XV кылымда өзбек акыны Алишер Навоинин окутуучусу жана досу Жаминин фарс тилинде жазган чыгармалары классикалык жеткилеңдиктин жогорку чегине жеткен. Мурда фарс адабиятынын чегинде бир нукта өнүгүп келген Иран адабияты XVI кылымда экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк жана башка элдер адабиятын өз тилинде жазууга өткөн. XX кылымдын 20-жылдары Тегеранда Иран адабий коому (Акылман Низами коому) түзүлгөн. 1979-жылы Иран революциясынан кийин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кеткен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган патриоттук адабият өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Михмалбаор жана башкалар). Чет жактагы фарсы тилдүү адабият улуттук салттар менен тыгыз байланышын сактап, Ирандагы адабиятка да таасир тийгизүүдө (Исмаил Фасиха, Х. Шакани).
Биздин заманга чейинки 5–4-миң тургун жайлардан адамдардын, жаныбарлардын чоподон жасалган сөлөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, чебер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доорго таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосунда Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон.


Мидия падышалыгынын тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымы) мыкты имараттар курулуп, фасаддары оймолонгон таш күмбөздөр, Ахемениддер доорунда (биздин заманга чейинки VI–IV-кылымдар) кедр менен жабылган ападана – салтанат залдары (Пасаргады, Персеполь), түбү коңгуроо сымал негизге орнотулган өгүз, жолборс баш түркүктүү имараттар (Персеполь, Сузы) арбын салынган. Сасаниддер доорунда шаар куруу маанилүү орун ээлеген. Айрыкча көркөм сүрөт өнөрү жогорку деңгээлге жетип, падыша аңчылыгы жана той-тамаша сүрөттөрү менен кооздолгон алтын, күмүш идиштер кеңири тараган. Арабдар басып алгандан кийин (VII кылым), Иранда көп чеп шаарлар, мечиттер, мунаралар, медреселер, күмбөздөр, мончолор, кербен сарайлар курулган.

VIII–XIII кылымдарда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймелеринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сакталган. XV–XVI кылымдарда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), кийинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таасири байкалат. Севефиддер доорунда (XVI–XVIII кылымдар) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Мешхед, Тебриз). XVII кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башка эски кол өнөрчүлүк борборлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, баркыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металлды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пайда болгон. XX кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги мекемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салттуу түрлөрү ары өнүгө баштады.
Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), теране (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), кеманча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үйлөмө), зарб (урма). Иран музыкасында XV кылымдан нота жөнүндө маалымат кездешет. XIX кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя коллежинде музыкалык мектеп негизделген. XX кылымдын 20-жылдары композитор, тарыхчы, Тегеран университетинин профессору Али Наги Вазири улуттук музыканы окутууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жазып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 1930-жылдардын башында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (1940-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектептер иштейт. XX кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенжера; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян; опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Вакили жана башкалар. Иранда Рудаки атындагы опера-балет театры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана камералык консерватория бар. XX кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-жылы Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачылган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанрды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союздары пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран комедия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 1960–1970-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясынан кийин Тегерандагы варьете театры жабылган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну исламдын шарттарына туура келсе гана коюуга уруксат берилген. XX–XXI кылымдардын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заманбап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыштырууга аракеттер болууда.
Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жылдарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Тангсир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революцияга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге жетишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жоболоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыскартылып, жергиликтүү киностудиялардын продукциялары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жылдардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын тасмалары ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияростами, «Алчанын даамы», 1997, Канныда эл аралык кинофестивалдын башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоолук», 1995, Локарнодогу эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; С. Макмалбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башка көркөм тасмалары эл аралык кинофестивалда башкы байгелерге татыган.
Иранда биринчи гезит 1835-жылы басылган. 2006-жылы Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Негизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эттелаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Абрар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоуктуруу 1940-жылы башталган. 2005-жылы 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жылдардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио жанаа теле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башка маалымат борборлору иштейт.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Пустыня. М., 1986; Агеев С. Л. Иран между прошлым и будущим. События. Люди. Идеи. М., 1987; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Арабаджян А. З. Исламская Республика Иран. Экономический потенциал. М., 2002; Деловой Иран в 1999–2002 гг. М., 2002–2004. Т. 1–3; Алиев С. М.
История Ирана. ХХ в. М., 2004; Луконин В. Г. Искусство Древнего Ирана. М., 1977; Стародуб Т. Х. Сокровища исламской архитектуры. М., 2004; Виноградов В. С. Классические традиции иранской музыки М., 1982; Сагаян Магди Хамед. Современный театр Ирана. М., 2005; Шахов А. Иранской киноренесанс. Киносенсации: фильмы, люди, события. М., 1996; Иран //Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Ө. Бараталиев, А. Кубатова.