ИРАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:


[[File:ИРАК46.png | thumb | none]]
[[File:ИРАК46.png | thumb | none]]
кирет. Калкы 34,8 млн (2008). Борбору – Баг­дад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 му­хафазага бөлүнөт.
кирет. Калкы 47,0 млн (2025). Борбору – Баг­дад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 му­хафазага бөлүнөт.
'''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар'''''<table article='ИРАК'>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
'''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар'''''<table article='ИРАК'>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Ред. Таблица бар</table>
Ред. Таблица бар</table>

09:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИРА́К , И р а к Р е с п у б л и к а с ы (Аль- Жумхурия аль-Иракия) – Түштүк-Батыш Азияда­гы мамлекет, Месопотамияда. Түндүгүнөн Түр­кия, чыгышынан Иран, батышынан Иордания ж-а Сирия, түштүгүнөн ж-а түштүк-батышынан Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан Кувейт, ба­тышынан Иордания м-н чектешет; түштүк-чыгы­шын Перс булуңу чулгайт. Аянты 435 миң км2; Ирактын курамына Ирак м-н Сауд Арабиясынын ор­тосундагы бейтарап аймактын 3,5 миң км2 жери

Файл:ИРАК46.png

кирет. Калкы 47,0 млн (2025). Борбору – Баг­дад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 му­хафазага бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар

Ирак – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК; 1960), араб өлкөлөрү лигасынын (1945); ислам конференциясы уюмунун (1975) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Ирак – федерациялык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Конституциясы 2005-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент (4 жылдык мөөнөткө парламенттин төмөнкү па­латасы тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Өкүлдөр кеңеши ж-а Кеңештер союзу) таандык. Мыйзам чыгаруу бийлиги премьер-министр башында тур­ган Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашы­рылат. Жергиликтүү башкарууну мухафазаларда гу­бернаторлор жүргүзөт. Сот системасы адат, ди­ний (шарият) ж-а атайын (революциялык) соттордон турат. Конституциясы исламды мамлекеттин рас­мий дини ж-а мыйзамдуулуктун негизги була­гы катары жарыялаган. Конституция боюнча ис­ламдын негизги нормаларына каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбайт.
Саясий партиялары: Ирак Ислам революциясынын жо­горку кеңеши, «Ислам чакырыгы» («Даава»), Араб социалисттик кайра жаралуу партиясы, Ирак ком­мунисттик партиясы, Күрдстан демократиялык партиясы ж. б.

Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн Месопо­тамия ойдуңу ээлейт. Түндүк-батышында Жезире платосу, батышында Сирия чөлүнүн анча бийик эмес бөксө тоосу жайгашкан. Түндүгүндө ж-а түндүк-чыгышында Армян, Иран тайпак тоолору­нун (бийиктиги 3598 мге чейин, Иран м-н чектеш­кен жерде) тармактары жатат. Климаты түндүк бөлүгүндө субтропиктик континенттик. Мосул­да январдын орточо температурасы 7°С, июлдуку 34°С, түштүгүндө жайкысын 50°Сге чейин ысыйт.

Файл:ИРАК45.png
Ирактын түн.-чыгышындагы ариддүү жапыз тоолуу рельеф.

Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө тропиктик континент­тик; январдын орточо температурасы 12°С, августтуку 34°С, эң ысыганда 48°Сге чейин (Басрада) же­тет. Жылдык жаан-чачыны тоолуу аймагында 500–1500 мм, түштүк-чыгышында 50–150 мм. Жаан-чачындын басымдуу бөлүгү декабрдан ап­релге чейин жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө чаңдуу бороон болуп турат. Негизги дарыялары: Евф­рат м-н Тигр (төмөнкү агымдарында кошулуп Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт). Өлкөнүн чөлдүү жер­леринде вади (мезгил-мезгили м-н суу аккан нуктар) көп. Жарым чөл ж-а талаа, түштүгү м-н батышында чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Да­рыя бойлорунда галерея токою, курма пальма­сы өсөт. Токой Ирактын аймагынын 20%ин ээлейт. Ирак кен байлыктарга бай; анын ичинде нефтинин, газ­дын, битумдун ж-а асфальттын запасы мол. Неф­тинин ири запастары – Киркук м-н Ханакин­дин тегерегинде, Басранын түштүгүндө, Мосул­га жакын жайгашкан. Күрөң көмүр (Киркук, Заху айланасында, Хамрин тоосунда), кайнат­ма туз (Багдадга жакын), темир (Сулайман тоо­сунда), жез, күкүрт, битум (Мосулга жакын), курулуш материалдарынын (мрамор, акиташ, кварцтуу кум, доломит, гипс, чопо ж. б.) кендери арбын. Ошондой эле күмүш, коргошун, цинк, хром, марганец, урандын кендери да табылган.
Месопотамиянын суу-саздак ландшафты – ирак камыш короолулары ж-а бадалча таркыл­дагы (Ирак эндемиги) уялоочу, ошондой эле сууда сүзүүчү көптөгөн сейрек учуроочу куштар кыштоочу дүй­нөдөгү жалгыз аймак. Орнитофаунанын кура­мына куштардын 400гө жакын түрү кирет, анын 170тен ашык түрү – уялоочу куштар. Алардын көбү 20-кылымдын ортосунда жерди кургатуу иш-ча­раларынан, ошондой эле согуштан жапа тарткан. Ирактагы коргоого алынган 8 аймак 541 га жерди ээлейт. Орнитофаунанын өтө ар түрдүүлүгүн кор­гоодо Месопотамиянын ландшафтынын баалуу­лугун эске алып, куштарды коргоо боюнча эл ара­лык союз Ирактын аймагында эл аралык маани­деги 42 негизги орнитологиялык аймакты белгилеген.

Калкы. Ирактын калкынын басымдуу бөлүгүн (71,3%) араб-ирандыктар түзөт. Өлкөнүн түндүк-чыгышында күрддөр (14%тейи), түндүгүндө езид­дер (2%), ассириялыктар (1,2%) жашайт, өлкө калкынын 5,3%и азербайжандар; ошондой эле египет­тик арабдар, палестиналыктар, фарстар, түрк­мөндөр ж. б. жашайт. Мамлекеттик дини – ислам (калктын 97%и). Калктын табигый өсүүсү 2,6% (2007); төрөлүү (1000 адамга 31,4 бала туура ке­лет) өлүм-житимден (5,3) дээрлик 6 эсе ашык. 15ке чейинки балдар калктын 39,4%ин, эмгек­ке жарамдуу курактагылар (15–64) 57,6%ин, 65 жаштан ашкандар 3%ин түзөт. Өмүрдүн күтүл­гөн орточо узактыгы 69,3 (эркектердики – 68, аялдарды­кы – 70,6). Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 80,2 адам туура келет; калктын көбү Тигр, Евфрат, Шатт­эль-Араб дарыяларынын өрөөндөрүндө ж-а тоо этекте­ринде отурукташкан. Шаар калкы – 67% (2005). Ири шаарлары (2008): Багдад (калкы 6432 миң, шаар айланасы м-н 10 634 миң), Мосул (2595

Файл:ИРАК44.png
Түнкү Багдад.

миң), Басра (1862 миң, шаар айланасы м-н 3803 миң), Эрбиль (1628 миң), Сулеймания (1201 миң), Киркук (676 миң), Эн-Нажаф (615 миң).

Тарыхы. Азыркы Ирак (Кош өзөн же Месопота­мия) цивилизациянын эң эзелки очогунун бири. Байыркы убакта анда Шумер ж-а Аккад кул ээлик шаар-мамлекеттери, Вавилония, Ассирия ж. б. пайда болгон. Б. з. 3-кылымынан Сасаниддерге, 7-кылымдан арабдарга караган. 16-кылымдан 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) бүткөнчө Осмон империясынын карамагында болгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында нефть табылгандыктан, өлкө мамле-

Файл:ИРАК43.png
Эмир Фейсал ж-а араб делегациясы Версалда (Па­риж тынчтык конференциясы учурунда, 1919–20).

кеттер арасында талаш аймакка айланып, 1- дүйнөлүк согуш учурунда аны англиялык аскерлер басып алат. 1921-жылы Улуу Британияга көз ка­ранды Ирак королдугу түзүлгөн. Иракта боштон­дук кыймылы күч алып, натыйжада 1930-жылы Ирак м-н Улуу Британиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча формалдуу түрдө болсо да, Ирак көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат. Иш жүзүндө Улуу Британия өлкөдө стратегиялык, экономикалык ж-а маанилүү саясий өңүттөрүн сактап ка­лат. 1958-жылы февралда Ирак Иордания м-н Араб союзу федерациясын түзгөн, бирок 1958-жылы 14-июлда аскердик төңкөрүштөн соң, король өлтүрүлүп, монархия кулаган. Ошол эле жыл­дын 15-июлунда Ирак республика деп жарыя­ланып, англиялык согуштук базалар жоюлуп, со­циалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлө баштаган.
Өлкө бир нече ирет мамлекеттик төңкөрүштү башы­нан өткөргөн. 1979-жылдын аяк ченинде Иран м-н мамилелердин курчушу, 1980–88-жылдар­дагы Иран-Ирак согушунун чыгышына өбөлгө түзгөн. 1988-жылы эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. 1990-жылы 28-августта Ирак Кувейтти өзүнүн 19-провинциясы деп жарыя­лап, күч м-н басып алган. 1991-жылы январь–фев­ралда АКШ ж-а анын союздаштары жүргүзгөн «Чөлдөгү бороон» операциясынын натыйжасын­да Ирак Кувейттен чыгарылган. Ушул эле жылы БУУнун чечими м-н Иракка каршы соода-экономикалык санкция кабыл алынып, Иракка блокада жарыя­ланган. 2000-жылы Саддам Хусейн БУУ м-н мами­лесин бузуп, Ирактан эл аралык инспекторлорду


Файл:ИРАК40.png

чыгарып жиберген. 2003-жылы март айында АКШ м-н Улуу Британия Иракка каршы согуштук ара­кеттерди жүргүзүп («Ирактын эркиндиги» опе­рациясы), өлкөнүн аймагын борбор калаасы м-н бирге ээлеп алган. Иракты башкаруу үчүн убак­тылуу коалициялык бийлик түзүлгөн. 2004-жылы бийликтин Ирактын Убактылуу өкмөтүнө формал­дуу түрдө өткөрүп берилиши, Саддам Хусейн­дин өлүм жазасына тартылышы өлкөдө шиит, суннит ж-а күрддөрдүн ортосунда карама-кар­шылыктарды ого бетер күчөткөн.

Чарбасы. Ирактын экономикасынын негизин нефть казып алуу ж-а аны иштетүү түзөт. Анын запасы боюнча (дүйнөлүк запастын 11%и) Сауд Ара­биясынан кийинки 2-орунда. Нефть 1979-жылы эң көп (175 млн т) казылып алынган. Иран–Ирак согушу башталганга чейин нефтини экспорттоо­дон түшкөн киреше жылына 21–26 млрд дол­ларга жеткен. 1958-жылдан кийин агрардык рефор­ма жүргүзүлүп (жер ээликтерге чек коюлган, кал­гандарын мамлекет сатып алган), банк, камсыз­доо коомдору, ири өнөр жана ж-а соода ишканалары мамлекеттештирилип, мамлекеттик сектор түзүлгөн (анын ичинде Ирак улуттук нефть компаниясы, 1964). Ирактагы согуш ж-а 12 жылга созулган эл ара­лык санкция өлкөнүн социалдык-экономикалык инфраструк­турасына өтө зор терс таасирин тийгизди. Өнөр жайы дээрлик кыйраган, айыл чарба ж-а тейлөө чөйрөсү көп залал тарткан. 2006-ж. ИДП 50,7 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллар­дан туура келет. ИДПдеги өнөр жайынын үлүшү 66,6%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,1%, айыл чарбасыныкы 7,3%. Сут­касына 2,13 млн баррель нефть казып алынат. Иштетилүүчү кендеринин негизгилери өлкөнүн түндүгүндө (Киркук, Мосул) ж-а түш.-чыгышын-

Файл:ИРАК41.png
Багдаддагы нефть­химия ишканасы.

да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймак­тарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 завод, нефть-химия өнөр жай ишканалары иштейт. 2006-жылы 1,75 млн м3 табигый газ, 34,6 млрд кВт.с электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндү­рүлгөн. Цемент, машина куруу (анын ичинде аккумуля­тор, желдеткич, кондиционер, транспорт жаб­дуулары да бар), тамак-аш алкоголсуз ичим­диктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, таме­ки, кагаз өнөр жай тармактары өнүккөн; ошондой эле фос­форит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индус­триялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул шаарларынын чегинде жайгашкан.
Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн ай­магынын 27%ке жакынын түзөт, анын 1/2 и су­гатка муктаж. 1980-жылдарга карата азык­-түлүккө болгон муктаждыгын өзү толук кам­сыз кылган; 1990-жылдардан баштап айыл чарба өн­дүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорт­тон толукталат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: арпа, буудай, ошондой эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (то­мат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашка­бак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бак­чылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүм­чүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин Ирак – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө бол­гон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түш­түгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоо­луу аймактарда ж-а батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.
Тейлөө чөйрөсүнө борбордук банк, 7 мамлекеттик ком­мерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздукту камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок бол­ду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.
Ирактын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 45,5 миң км (анын ичинде 38,8 миң кми асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иордания­нын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган шоссе. Темир жолунун узундугу 2272 км (2006); негизги темир жолдору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мо­сул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. Ирактын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Ру­майла (түштүк-чыгышында) нефть промыселдери­нен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жер­лерге, Перс булуңунун портторуна нефть куур­лары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы узундугу 5,5 миң км, нефть продукту куурунуку 1,6 миң км, газ куурунуку 2,2 миң км (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймак­тары аркылуу өткөн куур м-н Ирак нефтисин Кы­зыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жетки­рип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун узундугу 5279 м; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) дарыяларында кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад шаарларында эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль шаарларында ири аэропорт­тор бар. Негизинен нефть, ошондой эле курма, булгаа­ры сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, өнөр жай товарла­рын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Си­рия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Ис­пания.

Маданияты. Калктын 80%ке жакыны би­лимдүү. 1959-жылы милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда бала­бакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу карал­ган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түндүк

Файл:ИРАК42.png

Ирак акчасы.