ЖАПАРОВ САДЫР НУРКОЖОЕВИЧ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЖАПАРОВ Садыр Нуркожоевич''' (06. 12. 1968, [[Кыргыз ССРи]], [[Ысык-Көл облусу]], [[Түп району]], Кең-Суу айылы) – мамлекеттик ишмер, [[Кыргыз Республикасы]]нын [[Президент]]и (28. 01. 2021). Эмгек жолун 1986-жылы Түп районунун «Санташ» колхозунда колхозчу болуп иштөө менен баштап, ошол эле жылы Кыргыз | '''ЖАПАРОВ Садыр Нуркожоевич''' (06. 12. 1968, [[Кыргыз ССРи]], [[Ысык-Көл облусу]], [[Түп району]], Кең-Суу айылы) – мамлекеттик ишмер, [[Кыргыз Республикасы]]нын [[Президент]]и (28. 01. 2021). Эмгек жолун 1986-жылы Түп районунун «Санташ» колхозунда колхозчу болуп иштөө менен баштап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна (азыркы [[Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт академиясы|Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы]]) кирген. 1987–1989-жылдары [[Советтик Армия]]нын катарында кызмат өтөп, 1989–1992-жылдары билим алуусун кайрадан дене тарбия институтунда уланткан, 2006-жылы [[Кыргыз-Россия Славян университети]]нин юридикалык факультетин сырттан аяктаган. 1989–1994-жылдары «Санташ» дыйкан чарбасынын башчысы, 1994–1996-жылдары Ысык-Көл облусундагы «Керкей» нефти компаниясынын директору, 1996-жылы Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында инспектор, 1996–2000-жылдары Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасында төраганын орун басары, 2000–2002-жылдары Ысык-Көл облусундагы күйүүчү майларды ташуу боюнча «Гузель-МХААД», 2002–2005-жылдары «Нурнефтегаз» нефти компанияларын башкарган. 2005-жылдын март айында Түп шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын [[Жогорку Кеңеш]]инин (III чакырылышы) депутаттыгына шайланып, «Келечек» фракциясын жетектеген. 2007-жылы 21-октябрда өлкөдө жаңы [[Конституция]]ны кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумдун негизинде парламенттин таратылышына байланыштуу Садыр Жапаровдун депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Кыргыз Республикасынын Президенти (2005–2010) К. [[Бакиев]]дин кеңешчиси (2007–2009), мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча комиссиянын мүчөсү, ырайым кылуу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары, ошол эле учурда (2008–2009) коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы 10-октябрдагы «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, адегенде соттук-укуктук реформалар боюнча комитеттин төрагалыгына, андан кийин ошол эле комитеттин төрагасынын орун басарлыгына бекитилген. Депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында «[[Кумтөр]]» алтын кениндеги коррупциялык схемалар, ошондой эле Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөр жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн аны улутташтыруу боюнча бир нече ирет маселе көтөрүп чыккан. 2012-жылы 3-октябрда «Ата Журт» партиясынын депутаттары К. Ташиев жана Т. Мамытовдор менен бирге митинг уюштуруп, акция учурунда парламенттин имаратына кирүүгө аракет жасашкан. Алардын мындай аракети коопсуздук кызматкерлери тарабынан токтотулуп, уюштуруучулар 5-октябрда [[Бишкек]] шаарынын 1-Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. 2013-жылы 29-мартта ошол эле 1-Май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарса, 2013-жылы 17-июнда Бишкек шаардык соту алардын ишинде эч кылмыш болбогонун аныктап, бардык укуктарын калыбына келтирген. Ал эми 2013-жылы 6-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракети») боюнча айыптуу деп таап, үчөөнү тең депутаттык мандатынан ажыратып, 1-Май райондук сотунун мурунку чечимин күчүндө калтырган. Бирок, жаза мөөнөтү аяктагына байланыштуу сот залынан бошотуу тууралуу өкүм чыгарган. Бул учурда же 2013-жылы май, июнь айларында [[Жети-Өгүз району]]нун айрым айылдарында Кумтөрдү иштетип жаткан компанияга каршы митингдер күчөп кеткен. 7-октябрда ушундай митингдин бири Каракол шаарында башталып, анда Ысык-Көл облусунун губернатору (2013–2016) Э. Каптагаев барымтага алынган. Натыйжада митингди уюштуруучулардын айрымдарына кылмыш иши козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Польша мамлекетинде төрт жыл жашап, Кыргызстанга кайтып келе жатканында 2017-жылы 25-мартта камакка алынган. Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун 2-августтагы өкүмү менен 2013-жылы Каракол шаарында өткөн митингде «массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган» деген айып тагылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жаза мөөнөтү 10 жылга кыскартылган. 2020-жылы 4-октябрда республикада өтүп жаткан парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы массалык түрдө нааразылык акциялары башталган. 6-октябрга караган түнү ал жактоочулары тарабынан бошотулуп, кийинки күнү Жогорку сот тарабынан 1-Май райондук сотунун мурунку өкүмү жокко чыгарылган. 2020-жылы 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине бекиткен. Өлкөдө түзүлгөн курч кырдаал жана оппозициялык кыймылдын кысымына байланыштуу 2020-жылы 15-октябрда республканын президенти (2017–2020) С. [[Жээнбеков]] отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Конституциялык мыйзамга ылайык, жаңы шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчысынын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы К. Исаев аткарууга тийиш болмок, бирок ал өз ыктыяры менен андан баш тартып, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын премьер-министр С. Жапаровго өткөрүп берген. Натыйжада 2020-жылы 20-октябрда Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыгына кол коюп, ошол эле күнү Жогорку сот тарабынан 2012-жылы өлкөдөгү бийликти басып алуу аракети боюнча акталган. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн 2020-жылы 14-ноябрда республиканын президентинин милдетин аткаруучу кызматынан кеткендигин жана мыйзам талаптарына ылайык өкмөт башчынын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулганын жарыялаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мыйзам чегинде республиканын президентинин милдетин аткарып калган. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. II класстагы Мамлекеттик кеңешчи. [[Россия Федерациясы]]нын «Даңк» (2023), [[Казак Республикасы]]нын I даражадагы «Достук» (2024) ордендери менен сыйланган. «Саясатка аралашкан 10 жыл» деген китептин автору (2015). | ||
07:15, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ЖАПАРОВ Садыр Нуркожоевич (06. 12. 1968, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу айылы) – мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Президенти (28. 01. 2021). Эмгек жолун 1986-жылы Түп районунун «Санташ» колхозунда колхозчу болуп иштөө менен баштап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна (азыркы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы) кирген. 1987–1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1989–1992-жылдары билим алуусун кайрадан дене тарбия институтунда уланткан, 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин сырттан аяктаган. 1989–1994-жылдары «Санташ» дыйкан чарбасынын башчысы, 1994–1996-жылдары Ысык-Көл облусундагы «Керкей» нефти компаниясынын директору, 1996-жылы Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында инспектор, 1996–2000-жылдары Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасында төраганын орун басары, 2000–2002-жылдары Ысык-Көл облусундагы күйүүчү майларды ташуу боюнча «Гузель-МХААД», 2002–2005-жылдары «Нурнефтегаз» нефти компанияларын башкарган. 2005-жылдын март айында Түп шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (III чакырылышы) депутаттыгына шайланып, «Келечек» фракциясын жетектеген. 2007-жылы 21-октябрда өлкөдө жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумдун негизинде парламенттин таратылышына байланыштуу Садыр Жапаровдун депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Кыргыз Республикасынын Президенти (2005–2010) К. Бакиевдин кеңешчиси (2007–2009), мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча комиссиянын мүчөсү, ырайым кылуу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары, ошол эле учурда (2008–2009) коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы 10-октябрдагы «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, адегенде соттук-укуктук реформалар боюнча комитеттин төрагалыгына, андан кийин ошол эле комитеттин төрагасынын орун басарлыгына бекитилген. Депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында «Кумтөр» алтын кениндеги коррупциялык схемалар, ошондой эле Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөр жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн аны улутташтыруу боюнча бир нече ирет маселе көтөрүп чыккан. 2012-жылы 3-октябрда «Ата Журт» партиясынын депутаттары К. Ташиев жана Т. Мамытовдор менен бирге митинг уюштуруп, акция учурунда парламенттин имаратына кирүүгө аракет жасашкан. Алардын мындай аракети коопсуздук кызматкерлери тарабынан токтотулуп, уюштуруучулар 5-октябрда Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. 2013-жылы 29-мартта ошол эле 1-Май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарса, 2013-жылы 17-июнда Бишкек шаардык соту алардын ишинде эч кылмыш болбогонун аныктап, бардык укуктарын калыбына келтирген. Ал эми 2013-жылы 6-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракети») боюнча айыптуу деп таап, үчөөнү тең депутаттык мандатынан ажыратып, 1-Май райондук сотунун мурунку чечимин күчүндө калтырган. Бирок, жаза мөөнөтү аяктагына байланыштуу сот залынан бошотуу тууралуу өкүм чыгарган. Бул учурда же 2013-жылы май, июнь айларында Жети-Өгүз районунун айрым айылдарында Кумтөрдү иштетип жаткан компанияга каршы митингдер күчөп кеткен. 7-октябрда ушундай митингдин бири Каракол шаарында башталып, анда Ысык-Көл облусунун губернатору (2013–2016) Э. Каптагаев барымтага алынган. Натыйжада митингди уюштуруучулардын айрымдарына кылмыш иши козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Польша мамлекетинде төрт жыл жашап, Кыргызстанга кайтып келе жатканында 2017-жылы 25-мартта камакка алынган. Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун 2-августтагы өкүмү менен 2013-жылы Каракол шаарында өткөн митингде «массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган» деген айып тагылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жаза мөөнөтү 10 жылга кыскартылган. 2020-жылы 4-октябрда республикада өтүп жаткан парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы массалык түрдө нааразылык акциялары башталган. 6-октябрга караган түнү ал жактоочулары тарабынан бошотулуп, кийинки күнү Жогорку сот тарабынан 1-Май райондук сотунун мурунку өкүмү жокко чыгарылган. 2020-жылы 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине бекиткен. Өлкөдө түзүлгөн курч кырдаал жана оппозициялык кыймылдын кысымына байланыштуу 2020-жылы 15-октябрда республканын президенти (2017–2020) С. Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Конституциялык мыйзамга ылайык, жаңы шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчысынын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы К. Исаев аткарууга тийиш болмок, бирок ал өз ыктыяры менен андан баш тартып, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын премьер-министр С. Жапаровго өткөрүп берген. Натыйжада 2020-жылы 20-октябрда Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыгына кол коюп, ошол эле күнү Жогорку сот тарабынан 2012-жылы өлкөдөгү бийликти басып алуу аракети боюнча акталган. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн 2020-жылы 14-ноябрда республиканын президентинин милдетин аткаруучу кызматынан кеткендигин жана мыйзам талаптарына ылайык өкмөт башчынын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулганын жарыялаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мыйзам чегинде республиканын президентинин милдетин аткарып калган. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. II класстагы Мамлекеттик кеңешчи. Россия Федерациясынын «Даңк» (2023), Казак Республикасынын I даражадагы «Достук» (2024) ордендери менен сыйланган. «Саясатка аралашкан 10 жыл» деген китептин автору (2015).