КАРА-БУЛУҢ (Ысык-Көлдөгү булуң): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-БУЛУҢ</b> — Ысык-Кѳлдүн | <b type='title'>КАРА-БУЛУҢ</b> — Ысык-Кѳлдүн түштүк-чыгышын­дагы эң ири булуң. Жети-Ѳгүз районунун айма­гында. Аянты 16,55 <i>км</i>2, узундугу 6,0 кмден ашык,
жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м.
«Ыссык-Кѳл» санаторийинин жанындагы эң та­йыз жери суунун тартылуусунан тѳртүнчүлүк
мезгилдин тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ пайда болгон.
Булуңдун кум, тунма чѳгүндүлѳр тѳшѳлгѳн та­маны батышты кѳздѳй эңкейиш. Кара-Булуңга Жуу­ку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы
(нугу) булуңдун орто ченинде Чоң ж-а Кичи
Кызыл-Суунун нуктары м-н кошулуп, 120 <i>м</i> те­реңдиктен бүтѳт. Жээктери аккумуляциялык
тектир, кѳлгѳ кирип турган жерлеринде (тум­шук, урчуктар) майда булуң, колтуктар кѳп;
түштүк-чыгыш бѳлүгүндѳ абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түштүк-чыгыш капшытын­да чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу <i>Кызыл- Суу колтугу</i> жайгашкан. Жууку суусу жылы­на булуңга 27 миң т дан 95 млн т га чейин шилен­ди агызып келет. Агын суулар көп куйгандык­тан, суусу мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 <i>м</i>ге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге че­йин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуң­дун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань ж. б. бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктер­дин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчы­лык туудурууда. Экологиялык абалы начарлоодо. | ||
жээктер да кездешет. | |||
гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге че­йин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуң­дун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань ж. б. бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктер­дин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчы­лык туудурууда. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
08:09, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРА-БУЛУҢ — Ысык-Кѳлдүн түштүк-чыгышындагы эң ири булуң. Жети-Ѳгүз районунун аймагында. Аянты 16,55 км2, узундугу 6,0 кмден ашык, жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м. «Ыссык-Кѳл» санаторийинин жанындагы эң тайыз жери суунун тартылуусунан тѳртүнчүлүк мезгилдин тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ пайда болгон. Булуңдун кум, тунма чѳгүндүлѳр тѳшѳлгѳн таманы батышты кѳздѳй эңкейиш. Кара-Булуңга Жууку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы (нугу) булуңдун орто ченинде Чоң ж-а Кичи Кызыл-Суунун нуктары м-н кошулуп, 120 м тереңдиктен бүтѳт. Жээктери аккумуляциялык тектир, кѳлгѳ кирип турган жерлеринде (тумшук, урчуктар) майда булуң, колтуктар кѳп; түштүк-чыгыш бѳлүгүндѳ абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түштүк-чыгыш капшытында чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу Кызыл- Суу колтугу жайгашкан. Жууку суусу жылына булуңга 27 миң т дан 95 млн т га чейин шиленди агызып келет. Агын суулар көп куйгандыктан, суусу мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 мге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге чейин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуңдун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань ж. б. бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктердин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчылык туудурууда. Экологиялык абалы начарлоодо.