КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ - б. з. 2-4-к-на
таандык дѳбѳ-мүрзѳлѳр. Баткен обл-нун Баткен
р-нундагы Кара-Булак айылынан 2 км түштүк­тѳ, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жай­гашып, 900дѳн ашык мүрзѳдѳн ж-а таш корум­чалардан турат. Алар - казанактуу жарма ж-а
тѳрт бурчтуу жѳнѳкѳй кѳрлѳр. Кѳрүстѳндѳрдүн

Индиялык бийчи аялдын
сѳлѳкѳтүндѳгү коло күзгүнүн
сабы. жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзѳлѳрдүн диа­метри 6-25 м, бийикт. 0,30-1,7 м. Жарма кѳр­лѳргѳ кѳмүлгѳн адамдардын сѳѳгү чалкасынан
же оң жак капталына жаткырылган абалда,
баштары түштүккѳ багытталып, саман же арча
бүчүрлѳрү тѳшѳлүп, табытка салынып коюлган.
Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзѳлѳр
да кездешет. Мүрзѳлѳрдѳн жибек кездемелер,
чопо ж-а жыгач идиштер, темир бычак, жаң­гак, койдун сѳѳктѳрү салынган себеттер, отургуч­тар ж. б. буюмдар кѳп табылган. Эркектер кѳ-
мүлгѳн мүрзѳлѳрдѳн канжар, жаа, жебенин уч­тары, ал эми аялдар коюлган кѳрлѳрдѳ азем
буюмдар (а. и. индиялык бийчи аялдын сѳ-
лѳкѳтүндѳгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийик­тин башы, себеттер кѳбүрѳѳк кездешкен. 1954-
59-ж. археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-ж.
археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзѳнү
казып, изилдеген.