КАРА БООРЛОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА БООРЛОР (pterocletes) - куштардын кѳгүчкѳн сымалдар түркүмчѳсү. Уз. 22-40 см, салмагы 200-600 г. Денеси жумуру, канаттары тез учууга ылайыкташып, узун, ичке, учтуу,


2 - чыгыш кара боору. жүнү жыш, саргыч күрѳң, чаар. Буттары кыска, арткы манжасы редукцияланган же такыр жок. Кээ бир түрүнүн манжалары биригип ѳскѳн. Кургак талаада ж-а чѳлдѳ жашайт, суу ичүү үчүн алыска учат. Балапандарына сууну жемсѳѳсүндѳ ж-а сууланган жүнү м-н алып келет. К. б-дун 1 тукуму, 2 уруусунун 16 түрү бар. Келгин куштар. КМШ ѳлкѳлѳрүндѳ 2 түрү - ак боор (P. alcha- ta) ж-а кара боор (P. orichtalis) Борб. Азияда кездешет. Кырг-нда Ысык-Кѳлдүн батышында, Нарын, Талас ѳрѳѳнүндѳ таралган. Жерге уялап, 2-3 жумуртка тууйт. Жумурткасын эркек, ургаачысы басып чыгарышат. Балапаны жумурткадан калың тыбыт м-н капталып чыгат. Урук, жемиш, бүчүр ж-а курт-кумурска м-н азыктанат.