КАП ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАП ҮҢКҮРҮ – Россиядагы Түш. Уралдын ба­тыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых ж-а мад-т эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыш-нда, Ак (Белая) суусу­нун оң жээгинде. Үңкүр акиташ ж-а доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 м келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан ж-а кенен коридорлордон турат. Алар эки ярус­ка жайгашып, жалпы уз. 2 кмден ашык. Ду­балга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Ма­монт, жылкы, керик, бизон ж. б-дын 50дөн ашык сүрөттөрү, геом. формалар кызыл охра

Үңкүрдөгү дубалга тартылган сүрөттөр.

м-н тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масш­табда берилген. 50 м2 аянтта мад-т катмары табылган. Казуу учурунда таш м-н сөөктөн жа­салган буюмдар (а. и. курал-жарактар ж-а жа­салгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбар­дын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган.


Ад.: Кудряшов И. К. Путеводитель по Каповой пе­щере. Уфа. 1969; Широков В. Н. Искусство под сво­дами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.