КАПТАЛ СЫЗЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПТАЛ СЫЗЫК (Linea lateralis) – сууда жа­шоочу омурткалуулардын (оймок ооздуулар, ба­лыктар, айрым жерде-сууда жашоочулар) ли­чинкасынын кээ бир жетилгендеринин дене кап­талында ж-а башында сызык түрүндө жайгаш­кан сезүү органы. Кургакта, жерде-сууда жашоо­чулардын К. с. органы көнөк башта гана сактал­ган. К. с. – бул сейсмосенсордук тери органда­ры, суунун анча-мынча термелишин ж-а жылы­шын сезүүгө жөндөмдүү, себеби эктодерманын үстүндө же анын майда чуңкурчасындагы сез­диргич клеткалар арасында жатат. Балыкта те­ринин калың жеринде узунунан кеткен канал­ды түзөт, андан сыртка карай майда тешикче­лер чыгат. К. с-тын түзүлүшү ж-а жайгашышы көпчүлүк балыктарга систематикалык белги болуп эсептелет.