КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ Чоң Кавказ тоо тармагына кирет. Башкы же Суу-Бөлгүч кырка тоосунун түндүгүндө ага жарыш жатат. Чөкмө, кристаллдык ж-а чополуу сланец, гранит тектеринен турат. К. к. т-нда эң бийик чокулар – Эльбрус (бийикт. 5642 м), Дыхтау (5203 м), Казбек (5033 м), Тебулосмта (4493 м) ж. б. жайгашкан. Аскалуу кооз кырларына рельефтин альп тибиндеги формалары, нивалдык ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, альп ж-а субальп шалбаалары ээлейт. Мөңгүлүү. Табигый ландшафттары Кавказ, Кабарда-Балкар, Казбеги, Түн. Осетин ж. б. коруктарда, Эльбрус этеги улуттук табият паркында корголот. Тоо-лыжа спортунун, альпинизмдин ж-а туризмдин борбору.